Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

КЫТАЙ КОММУНИСТТИК МАМЛЕКЕТТИН 55 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ


Калк саны боюнча дүйнөдөгү эң ири өлкө - Кытай бүгүн (жума күнү) өзүнүн коммунисттик мамлекет болуп жарыяланышынын 55 жылдык маракесин белгиледи. Бүгүнтөн тартып жүз миллиондогон кытайлыктар бир апталык тыныгууга чыгууда. Ал эми өкмөт майрамдык шаан-шөкөттүү салтанаттар маалында коррупцияга каршы күрөш ураанын чакырды.

Кытай Эл Жумуриятынын түзүлгөндүгүнүн 55 жылдыгы бул 1 миллиард 300 миллиондуу калк үчүн эң олуттуу саясий майрам катары белгиленди. Бейшембиде Бээжин шаарында бул мааракеге арналып уюштурулган сый тамак учурунда Кытайдын өкмөт башчысы Вен Цзябао (Wen Jiabao) өлкөдөгү саясий жана экономикалык реформалар андан ары улантыла берээрине улутташтарын ишендирди.

Ал мамлекеттик эгемендик үчүн умтулуп жаткан Тайван аралынын маселесине да кайрылып, улуттук ынтымак – ыйык экенин, акыры бул арал Кытай менен кайра баш кошоорун айтты.

Расмий Бээжин тышкы саясатта тынчтык жолу аркылуу аракеттенээрин премьер Вен Цзябао салтанаттуу жыйын маалында баса белгиледи:

- Кытай эч качан үстөмдүк кылууга (гегемонияга) умтулбайт. Кытай гегемонияга каршы туруу үчүн жана күч колдонуучулук саясаттын жана террорчулуктун бардык түрлөрүнө каршы туруу үчүн дүйнөдөгү бардык тынчтыкты сүйүүчү күчтөргө кошулат. Биз өзүбүздүн өнүгүүбүздү камсыз кылуу үчүн дүйнөдөгү тынчтыкка жетишүүгө аракеттенебиз, ал эми биздин өнүгүшүбүз, өз кезегинде, дүйнөдөгү тынчтыкка жетишүүгө салым кошот.

Расмий Бээжин экономикалык ургаалдуу реформалар жүргүзгөнүнө карабастан, саясий жактан коммунисттик партиянын үстөмдүгүн сактап калууга умтулууда.

Коммунисттерге кайчы пикирдегилер үчүн каат заман дагы эле күчүндө. Сентябрдын 17синде «Нью Йорк таймс» гезитинин Бээжиндеги бюросунда иштеген Чжао Йан деген жигит камакка алынды. Ага чет өлкөлүктөргө мамлекеттик жашыруун сыр болгон маалыматты берүүгө аракет кылган деген кине коюлду. Чын-чынында, гезит бул жигиттин эч кандай олуттуу кабар бербегенин айтууда.

Бул – Кытайдагы коммунисттик цензуранын демейдеги көрүнүштөрүнөн.

Бир буту менен базар экономикасынын жээгине карай аттап, экинчи буту социалисттик түзүлүштүн жээгинде калган Кытай үчүн коомдук турмушта улам жаңы көйгөйлөр чыгууда. Алардын анабашы – коррупция.

Кытайдын өкмөт башчысы Вен Цзябао майрамдык салтанаттуу сөзүндө да бул маселеге кайрылбай койо алган жок:

- Биз коррупцияга каршы айыгыша күрөш жүргүзүүгө тийишпиз. Коррупцияга малынгандарды айоосуз жазалашыбыз керек. Биз коррупциянын белгилерин жана анын тамырын таап, кыркуу аркылуу ага башатынан эле тоскоол кылышыбыз абзел.

Адаттагыдай эле, Вен Цзябаонун жалындуу сөздөрү кызуу кол чабуулар менен коштолуп жатты. Кол чапкандардын арасында жең ичинен далай иштерди бүтүрүп жаткандар бар болду бекен, албетте, бул тууралуу сырттан жоромолдоо болбос.

Ал эми Кытайдын карапайым атуулдарына келсек, алардын көпчүлүгү үчүн бир апталык майрамдык тыныгуу башталууда.

Бир чети, майрамдык шаани бардык эле өлкөлөрдө жана шаарларда калк күткөн татынакай нерсе эмеспи. Экинчи чети, 13 миллиондуу калкы бар ордо шаар Бээжин үчүн өзгөчө көп санда котологон туристтердин сели олуттуу баш ооруга айланды. Алардын көпчүлүгү ордо шаарга арзан унаа – поезд менен келсе, «жаңы кытайлыктар» албетте, учакта саякат кылууну эп көрүшөт.

(Сүрөттө - Бээжиндеги Тянанмен аянтындагы коопсуздукту камсыз кылган кытай сакчыларынын бири. Сүрөт CTK агенттигине таандык.)

Быйылкы улуу майрам учурунда кошумча 2400дөй ички аба каттамы уюштурулуп жатканын Синхуа кабар агенттиги маалымдады.

Кытайдын батышында – Шинжаң Уйгур автоном районунда – тарыхый Чыгыш Түркстан аймагында да майрамдык шаан шөкөттөр өткөрүлдү. Бул майрам кандайча белгиленип жаткандыгы тууралуу кытайлык кыргыз боордошубуз, үрүмчүлүк Жумалы Нургазы «Азаттыкка» мындай дейт:

- Бул майрам маалында Кытай мамлекетинде жети күн бою эс алабыз. Бардык жерде майрамдык ураандар илинген, Жуңхуа республикасынын 55 жылдыгын куттуктап. Элдин баары тең маанайы жарык көчөлөрдө майрамдашууда. Кыргыздар да бири-бирине жолугушуп, дүкөндөргө барып, дегендей, сайран кылып жатышат. Биз эми сыналгыдан деле көрүп жатабыз. Бээжин, Шанхай сыяктуу чоң шаарларда баары көчөгө чыгышып, башкача куттукташат. Концерт коюшуп, ырдашып дегендей... Үрүмчүдөн башка шаарларда бул майрам жакшыраак өтөт да.

Айтмакчы, бул күндү майрам эмес, каран түн катары баалагандар да бар. Өткөн айда (сентябрда) Стамбул шаарында Чыгыш Түркстан аймагынын көз каранды эместиги үчүн күрөштү мүдөө туткан топтордун «бозгундагы Чыгыш Түркстан өкмөтү» деп аталган уюмунун жыйыны болгонун «Азаттыктан» кабардаган элек.

Кытай бул аймактын эгемендиги үчүн күрөшкөн улуттук боштондук кыймылынын бардык өкүлдөрүн исламчы террорчу катары айыптап, эл аралык коомчулукту бул кыймылды жектөөгө чакырып келет.

Ал эми Батыштагы укук коргоочулар демократиялык, саясий жол аркылуу күрөшкө чакырган чыгыш түркстандыктарды «ал-Кайида» террордук уюму менен кызматташ болгон радикал топтордон айырмалап мамиле кылууга үндөөдө.

XS
SM
MD
LG