Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

КРЕМЛЬ ДИНИЙ КӨСӨМДӨРДҮН КӨМӨГҮНӨ МУКТАЖ


Президент Владимир Путин Орусиядагы белгилүү диний лидерлер менен кездешип, аларды террорчулукка каршы күрөшкө салым кошууга үндөдү. Анын бул чакырыгына Орусиядагы ортодокс христиандардын, католиктердин чиркөөлөрү, мусулмандар муфтияты жана жөөттөрдүн синагогасы үн кошуп, террорчулукту айыптаган билдирүү жасашты. Байкоочулар Кремлдин бул кадамын – Бесландагы окуялардан кийин Түндүк Кавказда чыңала түшкөн улуттар аралык, диндер аралык мамилелерди жайгаштыруу аракети катары баалашууда.

Орусиянын президенти В.Путин шаршембиде өлкөдөгү диний лидерлер менен жолугушуу өткөрдү:

- Террорчулукка каршы күрөш – эң ириде элдин аң-сезими үчүн күрөш. Кылмышкерлердин максаты – кайсы бир улуттун же диндин өкүлдөрүн ызалантып-кордоп, алардын каарын экинчи бир улутка же диндин тарапкерлерине бурууга умтулуп жаткан азыркыдай кырдаалда биз сиздер менен кошо алардын бул караниет иштерине моралдык бөгөт коюуга милдеттүүбүз.


Путин менен Кремлдеги жолугушууга Орусиянын ортодоксалдык чиркөөсүнүн лидери, патриарх Алексий ll, башкы раввин Берл Лазар, мусулмандар муфтиятынын өкүлү Исмаил Бердиев жана католиктердин башчысы катышышты.

Орусиянын президенти бул ирет Түндүк Кавказда сентябрдын башында орун алган кандуу окуяларды түздөн-түз эскербегени менен, дал ошол Бесландагы барымта кризиси аяктаар замат айткандарын дээрлик сөзмө-сөз кайталады:

- Байыркы замандардан бери көптөгөн улуттар жана диний агымдар өз ара ынтымак-ырашкерликте жашап келген Орусияда террорчулукка каршы күрөш – мамлекеттин биримдиги үчүн күрөш.


Москвалык кабар агенттиктери маалымдагандай, Путиндин бул сөздөрүн диний лидерлер бир добуштан колдоп, президенттин өлкөдөгү коопсуздукту чыңдоого багытталган бардык аракеттерин жактай турганын билдиришкен. Жолугушуудан кийин мусулмандардын өкүлү Исмаил Бердиев Түндүк Кавказда имамдар да "Орусиядагы исламга каршы агрессиянын" курмандыктарына айланганын белгиледи:

- Мен бул жерде Чеченстанда 20дай имам бандиттер тарабынан өлтүрүлгөнүн айта кетүүм керек. Ошондой эле Дагестандын муфтийи мечитке бараткан жеринен жардырууга кабылганын уккансыздар.

Бул Кремлдеги жолугушууга катышкан мусулман лидеринин айтканы. Путиндин бул демилгесин байкоочулар сентябрдын башында Бесланда орун алган кандуу окуялардан кийин чөлкөмдө чыңала түшкөн кырдаалды жөнгө салуу ниети катары баалашууда. Окуу жылы жаңыдан башталган күнү мектепке барган 1200дөн ашуун адам барымтага алынып, куралчан барымтачылар Чеченстандан орус аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылышкан. Үч күнгө жакын созулган тирешүүнүн аягында 350дөй киши жантаслим болду, алардын жарымына жакыны – жаш балдар.

Ошол окуялардан кийин ар башка улут, диндин өкүлдөрү жашаган Түндүк Кавказда кырдаал кыйчалыша түшкөнүнө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тынчсыздана көңүл бурууда. Ингушетиянын мурдагы президенти Руслан Аушев ушул аптада чөлкөмдөгү абалды "өтө кооптуу" деп мүнөздөп, Бесланда курман болгондордун кыркылыгы өткөндөн кийин осетиндер ингуштардан өч алууга камданып жатканын эскертти.

Ушундай кырдаалда динаятчылардын колунан эмне келет? Ослодогу Эл аралык тынчтык институтунун эксперти Павел Баев дин - коомдук мамилелерде чоң роль ойнорун белгилейт:

- Осетиндер менен ингуштар ортосунда акырындап тутанып бараткан чатакты чечүүдө дин белгилүү роль ойной алат. Динаятчылар ар бир үйгө барып, элди сабырдуулукка чакырышы керек, азырынча эч ким анткен жери жок. Азырынча бийлик да, диний өкүлдөр да чатакка үстүртөн гана мамиле жасап жатышат. Мен бул багыттагы мүмкүнчүлүктөр пайдаланылбай, жөн гана "желөпкө" сөздөр айтылып жатат деген пикирдемин.


Норвегиялык изилдөөчү Павел Баев президент Путин менен диний лидерлердин Кремлдеги жолугушуусу өтө формалдуу мүнөздө өттү, чыныгы пикир алмашуу болгон жок деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG