Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Жалалабадда улгайган адамдардын эл аралык күнү белгиленди


ЖАЛАЛАБАД. Облустук бийлик менен тармактык мекеме, уюмдардын жетекчилери Сузак районундагы карылар үйүнүн жашоочуларын майрамы менен куттуктап, акыбалдарынан кабар алышты. Багар-көрөрүнөн ажырап, карылар үйүндө жашаган 104 адамга майрамдык ыр-күүлөр тартууланды. Облустук казынадан 27 миң сом нак акча, 500 миң сомдук азык-түлүк жана буюмдар тапшырылды. Карылар үйүнө 30 миң сомдук жардам көрсөткөн Жалалабад шаар мэриясы калаадагы 250 карыяны түштөндүрүп, 108 адамга жана он жылдан бери төшөктө жаткан Советтер Союзунун баатыры Роза Азимовага сый-урмат көрсөттү.

Облустук социалдык коргоо башкармасынын эсебинде жардамга муктаж 4700 карыя бар. Облустук бийлик октябрь айын “улгайган адамдардын айы”, деп жарыялап район, шаарларды аларга камкордук көрүүгө милдеттендирди.

XS
SM
MD
LG