Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Кыргызча ырдап орус кыз байге алды


БИШКЕК. Кыргыз тилин өнүктүрүү багытында өткөрүлгөн “Ырдайлы кыргыз ырларын” фестивалынын жыйынтыгы чыгарылды. Фестивалда Бишкектеги “Радуга” элдик ансамбли кыргыз ырларын мыкты аткаргандыгы үчүн баш байгени - 50 миң сомду жеңип алды.

Ал эми Ысыккөл облусунун Каракол шаарындагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайдын студенти, орус кызы Ольга Логинова комузда кол ойнотуп, кыргызча ырларды жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн биринчи орунга татыктуу болду. Ал 35 миң сом сыйлык алды. Ыр майрамынын калган катышуучулары да акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Фестивалга Кыргызстандагы 17 улуттун 53 өнөрпозу катышты. Алар кыргыз тилинде “Манас” эпосунан үзүндү, элдик дастан айтышып, кыргыздын ыр-күүлөрүн, бийлерин аткарышты. "Эми бул фестиваль жылына бир жолу өткөрүлүп турат", деп билдирди президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын төрага орун басары Ташбоо Жумагулов.

XS
SM
MD
LG