Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Акаевдин АКШ сапарынын жыйынтыктары


БИШКЕК. "Кыргызстан үлкөн мамлекеттер тирешүүчү жер эмес, кызматташуучу жер болмокчу", деген пикирин президент Аскар Акаев Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Бул тууралуу президенттин иш сапары боюнча берген маалымат жыйынында президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев билдирди.

Анын айтымында, президент өз сөзүндө БУУнун 60-сессиясын «1000 жылдыктын сессиясы» деп атоо сунушун киргизген.

Президент Аскар Акаев Нью-Йоркто болгон учурунда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен телефон аркылуу сүйлөшүп, мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Элизабет Жоунс, финанист Жорж Сорос өңдүү белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер менен жолугушту.

Мындан тышкары Гарвард университетинин студенттерине англис тилинде лекция окуду. Акаев АКШдан Кыргызстанга шаршемби күнү кайтып келген.

XS
SM
MD
LG