Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Азиза Турдуева, Бишкек «Рентонгрупп» компаниясына алданган 150гө жакын пенсионер карылардын эл аралык күнүндө Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар өкмөттөн алдаткан акчаларын кайтарып берүүнү, бул ишке күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты.

Таң эрте Ак үйдүн алдына келген 150гө жакын аманатчылар өкмөттөн алардын акчаларын кайтарып берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берүүнү талап кылышты.

"Пенсионерлер жана аманатчылар бирикмесинин" төрагасы Жолборс Мирзапаясов карылардын эл аралык күнүндө алар эмне себептен нааразылык акциясына чыгууга мажбур болушканы жөнүндө мындай деди:

- Бүгүн карылардын эл аралык күнү. Биз болсо минтип, алдаткан акчаларыбыздын аркасынан чуркап, өкмөттөн жардам сурап жүрөбүз. Тескерисинче, биз бүгүн үйлөрүбүздө отуруп, мындай маселелер менен алек болбошубуз керек эле. Биздин мындай абал үчүн өкмөт, президент уялышы керек.

Пикетте турган пенсионерлердин көпчүлүгү алардын алданганына жогорку бийлик өкүлдөрү күнөөлүү деген пикирлерин айтып жатышты. Персоналдуу пенсионер Сакен Нурманбетов:

-Биз акчаларыбызды «Рентогруппка» салаардан мурда Улуттук банкка, Баалуу кагаздар боюнча мамлекетик комиссияга барып, тактаганбыз: "Биз акчаларыбызды салганы атабыз, бул компания ишеничтүүбү" деп. Алар «бул ишкананын келечеги кең, эч коркпой сала бергиле» дешкен. Ички иштер органдары, өкмөт - ал акчалар кайда кетти, Пак кантип качып кетти – баарын билишет. Ошондон бери пенсионерлердин ичинен жүрөгү ооруп, инсульт болуп, 20га жакыны өлүп кетти. Биз аларды 20 сомдон чогултуп көмдүк.


Ал эми Атамекендик согуштун ардагери Владимир Михайлучук мындай деди:

- Бул өкмөттүк чиновниктердин жана маалымат каражаттарынын жардамы менен болду. Анткени «Вечернийй Бишкекте ар бир жума күнү ушул компания пропагандаланып турган.

Нааразылык акциясынын катышуучулары өкмөттөн бирөө-жарым чыксын деп, «Интернационалды» да ырдашты.

Пенсионерлер менен жолугушууга өкмөт үйүнөн эч ким чыкпаган соң, алар өздөрүнүн нааразылыктарын билдиришти:

-Биздин баарыбызды тоноп бутүштү. Бул эмне деген өкмөт?! Эмне деген президент?! Мунун баары өкмөттүн уруксаты менен жасалды. Өкмөтсүз мындай иштерди жасоо мүмкүн эмес,
-деди аманатчылардын бири, пенсия жашындагы Нина Иноземцева.
XS
SM
MD
LG