Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Кыргыз-иран алакалары талкууланды


Кыргызстанга кечээ келген Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф бүгүн өлкөнүн президенти Аскар Акаев менен жолугушту. Тараптар ич-ара экономикалык карым-катнашка тиешелүү суроолорду талкуулашты.

Президент Акаев Мохаммад Реза Арефтин Кыргызстанга сапары - ортодогу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам берет деп үмүттөнөөрүн айтты. Ал эми ирандык вице-президент, өз кезегинде, Иран бул аракеттерге даяр экендигин билдирди:

- Биздин буга чейинки кызматташтыгыбызды жана учурдун талаптарын эске алуу менен, Иран ислам республикасы ич-ара алакаларды регионалдык кызматташтыктын негизинде өнүктүрүү максатка ылайык болмок деп эсептейт. Андыктан, Иран Экономикалык кызматташтык уюму өңдүү регионалдык уюмдардын ишмердүүлүгүн күчөтүү зарыл деп ойлойт.

Ареф кечээ Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев менен жолугушуп, алар эки өлкө ортосундагы соода-сатыктын көлөмүн ушул таптагы 8 млн. доллардан 200 млн. долларга чейин жогорулатуу зарылдыгын белгилешкен. Ирандык чиновниктердин айтымында, Тегеран ушул жылдан тарта Кыргызстандан электр энергиясын сатып ала баштайт.

Негизи, Иран Борбордук Азия чөлкөмүнө таасирин жогорулатуу үчүн Орусия, Кытай жана АКШ менен атаандашып келген мамлекет.

XS
SM
MD
LG