Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:44

Тони Блэрдин жүрөгү ооруп, ооруканага жатты


Британиянын премьер-министри Тони Блэр жүрөк оорусу менен бүгүн бейтапканага жаткырылды. Анткен менен анын администрациясы Блэр келээрки жумада эле кайра жумушка чыга тургандыгын айтууда.

Ошондой эле, анын жакындары айткандарга караганда, премьер-министрдин жүрөгүнүн титиреп оорушу өткөн жылы да байкалган жана бул ооруу ушул жылдын августунда да бир канча ирет кайталанган.

Блэрдин кардиологу Пунит Рамракханын айтымында, британ премьерине хирургиялык операция жасоонун кажети жок. Ошондой эле, Тони Блэрдин администрациясынын өкүлдөрү да аны үчүнчү мөөнөткө шайланып, иштөөгө ден-соолугу жол берет деп ишендиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG