Пакистандын чыгыш бөлүгүндө шийилердин мечитинде болгон жардыруудан кеминде 19 адам өлүп, дагы кырк киши жаракат алды. Жардыруу Пакистандын Ооганстан менен чектеш районунда болду. Бул учурда мечитте жүздөгөн адамдар жума намазга топтолушкан. Өлкөнүн президенти Первез Мушарраф жардырууну кескин айыптады.
Пакистандагы шийилер кээде суннилер тарабынан чабуулга кабылып турушат.
Пакистандагы шийилер кээде суннилер тарабынан чабуулга кабылып турушат.