Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

Израилдик аскерлер качкындар лагерине ракетадан чабуул коюшту


Газа тилкесине киришкен израилдик аскерлер бүгүн качкындар лагерине ракетадан чабуул коюшту. Андан кеминде 5 палестиналык мерт кеткендиги кабарланды. Ябала лагерине ташталган ракетадан көптөгөн адамдар жарадар болушту.

Израилдик аскерлер ушул шейшембиде Газа тилкесине киришкенден бери 40тай палестиналыкты өлтүрүшкөн. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Орусия менен Франция бүгүн Израилге “күчтү ойкелди колдоно бербей, эл аралык мыйзамдарды сактоого” чакырышты. Ырасмий Москва Палестин жетекчилигине да кайрылуу жасап, анда Израилге багытталган террор актыларын токтотуу зарылдыгын белгиледи.

Үч күн мурда Газага киришкен израилдик аскерлер өз максаттарын ал аймактардагы козголоңчуларды жок кылуу менен байланыштырышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG