Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАРЫЗЫН ЖОЙГОНГО БУУнун ЖАРДАМЫ ТИЙЕБИ?


Чолпон Орозобекова , Бишкек Президент Аскар Акаевдин АКШга болгон сапары карыды. БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурда Кыргызстандын мамлекет башчысы анча өнүкпөгөн тоолуу өлкөлөрдүн тышкы карыздарын жоюуну рекомендациялаган резолюция кабыл алууну сунуштады.

Аскар Акаев БУУнун 59-сессиясында бир нече сунуштарды айтты. Алардын арасында Кыргызстан үчүн маанилүүсү - тышкы карызды жоюу маселеси болду. БУУнун Башкы ассамблеясында президент Акаев анча өнүкпөгөн тоолуу мамлекеттердин тышкы карыздары жоюлса алардын өнүгүшүнө оңбогондой түрткү болорун айтты:

-Мен Башкы ассамблеянын ушул сессиясында анча өнүкпөгөн тоолуу өлкөлөрдүн тышкы карызын жоюуну рекомендациялаган атайын резолюция кабыл алууну сунуштайт элем. Бул алардын ар тараптуу өнүгүшү үчүн жана жакырчылык менен күрөшүүдө чоң түрткү болмок. Кыргыз делегациясы башка делегациялар менен бирдикте резолюциянын тийешелүү долбоорун Башкы ассамблеянын көңүл борборуна коюуга даяр.


Тышкы карызынан толук кутулуп чыккан Казакстандын катарында Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө эң башкы көйгөй - карыздарды азайтуу болуп саналат. Президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, Аскар Акаевдин бул сунушун көп мамлекеттер колдоого алыптыр:

- Президенттин бул сунушу дүйнөлүк коомчулукта резонанс жаратты. БУУнун сессиясына катышып аткан өнүккөн мамлекеттер да бул сунушту колдоорун билдиришти. Ал эми коңшу өлкөлөр да кубаттап жатышат. Мисалы, Тажикистан бул демилгеси үчүн Аскар Акаевичке ыраазычылык билдирип жатат. Тышкы карыз учурда эң башкы көйгөй экени түшүнүктүү. Эгер БУУ президенттин бул сунушун колдоп берсе эң чоң жетишкендик болот,- деп билдирди Абдил Сегизбаев жума күнкү маалымат жыйынында.

Бул сунушту жалпысынан кыргыз коомчулугунда да колдогон пикирлер арбын. Бирок бир катар байкоочулар сырттан келген жардам өз убагында туура пайдаланылбаганын, миллиондогон каражаттар мамлекетке жукпай калганын айтышууда. «Кыргызөнөржайкурулуш» банкынын жетекчиси, парламент депутаты Муратбек Мукашевдин пикирин тыңдайлы:

-Бул маселе тоо саммитинде да айтылган болчу. Бирок буга БУУ анча көңүл бөлгөн эмес, чынында. Аскар Акаевдин бул сунушу, албетте, колдой турган демилге. Бирок ошол карызга келген каражат туура пайдаланылганбы, кеп - ошондо. Сомду бекемдөөгө жана мамбюджетти колдогонго кеткен 680 миллион доллардан башкасы чачылып, уурдалып жана максатсыз пайдаланылган деп ойлойм.


Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Валерий Дилдин айтымында, бул сунушту эл аралык коомчулук колдойт. Донор өлкөлөр да бул демилгени түшүнүү менен кабыл алат деген ойдо.

Кыргызстан үч жылдан бери Эл аралык валюта кору менен кол коюлган меморандумдун талаптарын так аткарганга далалат жасап келди. Анын жыйынтыгы катары Париж клубу аркылуу тышкы карыздын кайсы бир бөлүгү жоюлмак. Бирок эксперттердин айтымында азырынча Париж клубуна жетчү күн алыс. Эл аралык финансылык уюмдардын чечими Кыргызстандагы саясий кырдаалга жараша болууда деген ойлор бар.

-Эл аралык валюта кору эмки күздө, анан жазда деп эле сүйрөп келатпайбы? Кыргыз бийлиги алар койгон талаптын ар бирин жакшы эле аткарып атат. Ага карабастан мына ушул күздө Париж клубуна коёбуз деген, бирок анын мөөнөтүн дагы артка жылдырышты. Менимче, Эл аралык каржы уюмдары Квыргызстандагы саясий кырдаалга карап атышат. Алдыдагы шайлоолор кандай өтөөрүн, демократиялык жараяндар кандай болот деп күтүп атышат окшойт,
-дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орун басары Кубатбек Байболов.

Ал эми парламент депутаты Бектур Асановдун оюнда Кыргызстанда демократиялык акыбал оңураак болгондо тышкы карыздын кайсы бир бөлүгү эчак жоюлмак: «Кыргызстанда адам укугу тебеленбей, мыйзамдуулук орногондо биз айтпасак деле өздөрү эле карыздырды жойгонго жана реструктуризациялаганга жардам беришмек».

Аскар Акаев БУУнун трибунасында туруп кыргыз делегациясы резолюциянын долбоорун даярдап келгенин, БУУнун Башкы ассамблеясына тапшырарын айткан.

Ал эми БУУнун 59-сессиясы бул сунушту эске алабы же четке кагабы - аны убакыт көрсөтөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 1 миллиард 834 миллион доллар.


Ушул күндөрү Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаев Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк банк менен Париж клубунун кезектеги жыйыны тууралуу сүйлөшкөнү АКШда жүрөт.

XS
SM
MD
LG