Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

НИГЕРИЯДАГЫ КЫРДААЛ МУНАЙДЫ КЫМБАТТАТЫП ЖИБЕРДИ


Ушу тапта дүйнөлүк мунай базары опуртал кырдаалга туш болду. Ирактагы согуш, "ал-каидачылардын" Сауд Арапстандагы чагымчыл аракеттери, Орусиядагы "ЮКОС" компаниясынын олку-солку абалы – ушулардын баары эл аралык мунай соодасына сокку келтирди. Ал аз келгенсип, жакында Африкадагы башкы мунай экспорттоочу өлкө - Нигерияда козголоңчулар калктын камын ойлобогон мунай ишканаларына каршы согуш жарыялашты. Анын айынан мунайдын баасы дагы кымбаттай түшүп, бир баррел 50 доллардын тегерегинде болууда.

Чынында да быйыл жыл башынан бери Ирактагы согуш, Сауд Арапстандагы экстремисттик чабуулдар, Орусиядагы "ЮКОСтун" тегерегиндеги жаңжал, ошондой эле экономикалүк өнүгүүсүнө жараша Кытайдын күндөн күнгө өсүп бараткан энергетикалык талабы - мунайдын баасынын дээрлик 50%га чейин кымбатташына алып келди. Ал аз келгенсип, ушул аптада Африкада мунайды эң көп өндүргөн өлкө - Нигерияда да кооптуу окуялар орун алды.

Тактап айтканда, жергиликтүү козголоңчулардын башчысы Докубо Асари Нигериянын карапайым калкынын чекесин жылытпаган мунай ишканаларына каршы согуш жарыялады.

Нигериядагы мунай кендерин негизинен эки чет өлкөлүк уюм – Британия менен Голландиянын биргелешкен "Шелл" корпорациясы жана Италиялык "Ажип" компаниясы көзөмөлдөшөт. Бул жаңылыктан улам Нью-Йорктогу биржада чийки мунайдын бир баррелинин баасы 50 доллардан ашып барып, кийинки күндөрү аз-маз төмөндөдү.

Бирок "Файнэншл таймс" гезитинин Батыш Африкадагы кабарчысы Майкл Пил Нигериядагы кырдаал дагы эле өтө опурталдуу экенин айтат:

-Асари – Нигер дарыясынын алабында жашаган эң чоң улуттук тайпа – айжоулардын аскербашчысы. Мунай кендери дал ушул аймакта жайгашкан. Бул жердеги кара майды казып алуу иштери тээ 1950-жылдары эле башталган. Бирок азыр карапайым эл мунай ишканалары аба менен сууну булгап, экологияга зыян келтирип жатканына, аларды тейлеген чет элдик компаниялар менен өкмөттөгү бир ууч адам миллиарддаган доллар пайда тапканы менен, катардагы эл терең жакырлыкта жашап жатканына нааразы.



"Файненшл таймстын" журналисти буларды телефон аркылуу Нигериядагы Лагос шаарынан билдирди.

Бул өлкөдөгү мунай кендеринин көбүн ондогон жылдардан бери иштетип келаткан британ-голланд "Шелл" корпорациясы кооптуу аймактан 200дөй кызматкерин шашылыш чыгарып кеткенин, мындай чара бирок казылып алынчу кара майдын көлөмүнө таасир этперин жарыялады.

Корпорациянын Лондондогу офиси Нигерияда бул ишканага бардыгы 5000дей адам иштеп жатканын кошумчалады.

Маалымат агенттиктери шаршембиде Нигериядагы жоочулардын лидери Асари өлкөнүн башкалаасы Абужада президент баштаган жетекчилер менен жолугуп сүйлөшкөндөн кийин кырдаал жакшыраарынан үмүт пайда болгонун кабарлашты.

Бирок Асари анда да Нигер дарыясынын алабындагы чөлкөмгө саясий өз алдынчалык статусу берилип, ал жерде жашаган элге мунайдан түшкөн акчанын бир бөлүгү түздөн-түз таратылышын талап кылган. Айрым эксперттер Асаринин жоочуларынын артында Осама бин Ладендин "Ал-Каида" уюму турат деп да боолгоп жиберишти. Буга байланыштуу Абужада иштеген журналист Пилдин пикири төмөнкүдөй.

-Асари – исламды жеке ниети менен кабыл алган адам. Ал исламдагы көтөрүлүшчүл маанайды жактырарын, Осама бин Ладенди урматтарын айтат. Бирок менимче, Нигериядагы козголоңчуларды исламчыл согушкерлерге кошуп салуу туура эмес. Анткени жергиликтүү эл арасында, айжоулар арасында мусулмандар абдан аз, саналуу гана. Асаринин кыймылына кошулгандардын басымдуу бөлүгү башка динге ишенгендер.



Эмнеси болсо да, ушул аптада Нигерияда Асари жетектеген козголоңчулар чет элдик мунай компаниялары өлкөдөн чыгып кетишин талап кылып, куралдуу көтөрүлүшкө чыкканда, өкмөттүк аскерлер менен кагылышууларда жүздөн ашуун адам набыт кетти.

Бул окуялар мунайдын дүйнөлүк баасын кымбаттатып жиберди. Андан улам, байкоочулар ушу тапта Нигериядагы кырдаалга тынчсыздана көз кадап калган кез.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG