Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин АКШдагы иш сапарына байланыштуу эларалык байкоочулар кыргыз-америка алакасы тууралуу өз көз караш, пикирлерин билдиришти. Алардын бири - Колумбия университетинин илимий кызматкери Кимберли Мартен антитеррорчул күчтөрдүн Кыргызстанда жайгаштырылган авиабазасы эртеби, кечпи өлкөдө экстремизмди күчөтөт деген оюн жарыя кылды. Мындай көз карашка карата кыргыз саясатчылары ар кандай пикирлерин айтышты.

АКШдагы Колумбия университетинин илимий кызматкеринин мындай пикирин Орусиянын «РИА-Новости» агенттиги таратты. Ал мындан тышкары АКШ Акаевдин адам укуктарын сыйлабаган саясатын сынга алгысы келгени менен Кыргызстан Кошмо Штаттарына абдан керектигин белгиледи.

Эларалык байланыштар боюнча Нью-Йорк кеңешинин эксперти Эстер Пэн болсо Ганси авиабазасынын ар бир учуп конгон самолету үчүн 7 миң доллардан акы алган Кыргызстан үчүн АКШ зарылдыгын жана эң ириде аны каржылык муктаждык кызыктырып жаткандыгын билдирди.

Америкалык иликтөөчүнүн чет элдик авиабазалардын Кыргызстанда турганы өлкөдө экстремизмди күч алдырат деген билдирүүсү ар кандай пикирлерди жаратты. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин баамында, бир эмес, чет элдик эки авиабазанын өлкөдө турганы экстремизмге жол бербей, тескерисинче, коопсуздукту камсыз кылат:

-Кыргызстанда жайгашкан Орусиялык жана Америкалык авиабазалар Кыргызстандын коопсуздугун түптөп, аны бекемдегенге гана жардам берет. Ал эми жалпы Борбор Азияны карай турган болсок, эки авиабазанын ролу абдан көрүнүктүү. Мисалы, 1999-2000-жылдары биз кандай коркунучту баштан кечирдик? Жыл сайын жаз келгенде «Ооганстандан чыккан куралчан топтор бизге кол салышат, чегарабыздан өтүп кетет» деген коркунучтуу ой менен жүрчүбүз. Азыр мындай коркунуч жоюлду. Ар кандай эксперттер өзүлөрүнүн ар кыл ойлорун айтышы мүмкүн. Бирок президент Аскар Акаев АКШга барганда «Улуу мамлекеттердин терроризмге каршы күрөшүндө Кыргызстан кызматташуунун өлкөсү катары кызмат кылат» деп ачык айтты.


Саясат иликтөөчү Карыбек Байбосунов да мындай ой айткан эксперттердин билдирүүлөрүнө олуттуу маани берүүнүн зарылдыгы жок деген ойдо:

-Менин баамымда андай коркунуч жок. Себеби бизде коопсуздук кызматы деген бар. Ал акыркы кезде мамлекеттик коопсуздук аракеттерин абдан күчөтүп жатат. Андан тышкары ШКУ жана ЖККУ уюмдарына кирген коңшу мамлекеттер дагы экстремизм жана ар кандай террордук уюшкан топтор болбосун деген максатта ага каршы өз чараларын көрүп жатышат. Ушул жагдайдан алып караганда, америкалык эксперттин сөзү эч кимди ынандыра албайт.


Учурунда Ганси атындагы авиабазаны Кыргызстанда жайгаштырууга жана Ирактагы согушка каршылык билдирген «Акыл-Эс-Рух жана ыйман» коомунун төрагасы Дүйшөн Абдылдаевдин баамында, америкалык эксперт мындай ойду айтуу менен Борбор Азияда Американын таасирин күчөтүүгө жол ачып жатат:

-Алар муну менен Кыргызстандагы Ганси авиабазасындагы аскердик күчтөрүн кеңейтүү жана ошол эле учурда өлкөдө өз таасирин күчөтүү максатын көздөп жатышат. Ал үчүн алдын-ала психологиялык кырдаалды даярдап, "региондо исламдык экстремизм күчөгөнү жатат" деп туруп, ошол шылтоо менен исламга каршы сокку ура баштайт. Ал эми биздин республикада ислам экстремизми деген жок, биздин элибиздин улуттук мүнөзү андай фанатизмге жол бербейт.


Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орун басары Кубатбек Байболов жогоруда айтылган ойлордун баарын четке кагып, кандай гана экстремизм болбосун аны күчөтүүчү башкы жагдай – жакырчылык жана аны жоюу үчүн эң ириде кедейчиликтин тамырын кыркуу зарылдыгын билдирди:

-Ганси авиабазасына ислам экстремизминин кандай тиешеси бар? Мен иликтөөчүнүн логикасын түшүнө албай жатам. Экстремизмдин көбөйтүүчү эң башкы жагдай - бул кедейлик. Жакырчылыктан жабыр тарткан, билим алууга мүмкүнчүлүгү жок, эртеңки күндөн үмүтү жок адамдар айласыздан исламга, андан ары радикалдуу экстремисттик багыттагы топторго өтүп кетип жатышпайбы! Маселенин учугу ушул жакта жатат.


Сүрөттө: Ганси атындагы авиабазанын турмушунан (архив).
XS
SM
MD
LG