Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

АДАБИЯТКА МАМЛЕКЕТТИК КОЛДОО КЕРЕКПИ?


Кыргыз адабияты ушу тапта олуттуу кыйынчылыкка кабылып, мамлекеттик колдоосуз калды. Социализм тушундагыдай бекер китеп чыгартып, авторлорго күргүштөтүп калем акы төлөп турууга өкмөттүн кудурети жетпейт. Анын үстүнө көркөм адабият социализм доорундагыдай коммунисттик идеологиянын өтүмдүү куралы болуудан калган. Антсе да, өкмөт эки жылда бир ирет көркөм өнөрчүлөрдүн катарында мыкты адабий чыгармаларга Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгарып келатат.

Социалисттик реализмдин эреже-талаптарына көнүп алган кыргыз жазуучуларынын жаңы шартка ыңгайланышы чоң кыйынчылыктар менен коштолууда. Цензуранын алынып салынышы менен адабиятка мамлекеттик колдоо да токтолду.

- Буга кайгырсаң да болот. Себеби, баягы совет заманы учурундагыдай өз казанына кайнатып, идеологиясына ылайыктап жаздырып, ошого тарбиялап жүрчү. Кээ бирөөлөрүн камап койчу, кээ бирин мактап койчу, Социалисттик эмгектин баатыры кылчу. Бирок азыр мен бир нерсеге ыраазымын, мен өз оюмду, түшүнүгүмдү, максатымды эркин жазып калдым. Азыр эркин жазууга өттү. Бирок кароосуз калды,- дейт "Кыргыз эл жазуучусу" Төлөгөн Касымбеков.

Анын ырасташынча, чыныгы адабиятка колдоо көрсөтүлүшү зарыл. Жасалма, жалган чыгарма жараткандар андай көмөксүз эле чыга берет. Көркөм сөзгө өз алдынча жаңылык киргизген чебердин чыгармасы адабий сыйлыктарга арзышы керек. Бирок да жазуучу атакка жетиш, сыйлык алыш үчүн чыгарма жазбашы керек, дейт Төлөгөн Касымбеков.

Айтылуу илимпоз Салижан Жигитовдун ырасташынча, социализм доорундагы адабият жасалма болчу, ал мамлекеттин колбаласы катары кызмат кылчу:

-Жөлөмөлөп, эптеп пайда болгон адабият. Совет өкмөтү кулап, капитализм жакка багыт алып алдык. Азыр эми адабият мамлекеттин иши болбой, жарандар коомунун энчисине өткөн. Дин мамлекеттен ажырагандай эле адабият да өзүнчө болуп калды.


Адабиятчы Искендер Жумабаев көркөм сөздүн коомдук баркы баштагыдай болбой калды деген пикирде:

- Эми адабият мурункудай, Советтер союзу кезиндегидей орунду ээлебейт… Азыр негизги проблема жашоо-тиричилик маселеси болуп калбадыбы. Ошондон улам адабият элдин рухий турмушунда четкерээк орундардын бирин ээлейт. Бирок сөзсүз жашап кала берет.

Акын Сүйөркул Тургунбаев ушу тапта чыгып аткан мыкты адабий чыгармаларга колдоо көрсөтүп, мамлекеттик сыйлыктарды көбөйтүш керек, деп эсептейт. Анын ырасташынча,
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты жыл сайын ыйгарып, сый-урмат көрсөтүлчү адабий чыгармалардын санын арттырыш зарыл.


- Эгемен өлкө болгондон кийин бирден эмес, экиден кишиге ыйгарса жакшы болор эле. Театр искусствосу жагынан деле ошондой. Архитектура, скульптура, сүрөт искусствосу, музыка, эстрада - ошол өнөрлөрдүн баары, Кудайга шүгүр, мурдагыдай эле өнүгүп жатат. Мына, быйылкы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөндөрдүн баары татыктуу,-дейт Сүйөркул Тургунбаев.

Адабий сыйлыктын санын көбөйтүүнүн жүйөөлүү себеби катары Сүйөркул Тургунбаев ага татыктуу жазуучулардын көбү көзү тирүүсүндө алалбай калышканын көрсөтөт:

- Адабият боюнча бир сыйлык, театр, искусство, архитектура боюнча бир сыйлык болуп калууда. Ошондон улам көп авторлордун өмүрү буга жетпей өтүп кетип жатат. Ошолор өтүп кетпесин деген тилек да. Сыйлыкты экиден бери койсо республиканын бюджети кемип калбайт эле.
XS
SM
MD
LG