Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде Иракта чет өлкөлүк жарандарды барымтага алуу учурлары көбөйдү жана кээ бир эксперттердин пикиринде, аларды бошотуу үчүн кээде кун төлөнүп жатканы бул көрүнүштү ого бетер жайылтып жибериши мүмкүн.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери Иракта бир жүз отуздан ашык чет өлкөлүк жаран барымтага алынды, алардын көпчүлүгү кийин бошотулду, бирок отузга жакыны өлтүрүлдү.

Алгач барымтачылар саясий талаптарды коюп, оккупациялык аскерлердин Ирактан чыгарылып кетишин талап кылган, бирок акыркы мезгилде жөн гана туткундар үчүн кун талап кылып акча табууну көздөгөн кылмыштуу топтор пайда болуп, өз аракеттерин жайылтып бараткан сыяктуу.

Өткөн август айында франциялык "Нувел обсерватөр" деген гезиттин кабарчысы Сара Дэниел Ирактын Фаллужа шаарына барып, барымта уюштурган адам менен жолуккан.

Анын айтканына караганда, барымта аракеттеринин баары катуу көзөмөлгө коюлган жана кайсы бир кылмыштуу топ кимдир бирөөнү өз алдынча туткунга алып, аны бошотуу үчүн акча талап кылса, ирактык согушкерлер өздөрү андайларды өлтүрүп салчу.


Дэниел менен жолуккан адам - америкалык туткун Николас Бергди май айында өз колу менен мууздаганын билдирген жана анын айтымында, Бергдин өлүмү үчүн америкалык жетекчилик өзү күнөөлүү, анткени барымтачылар менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тарткан.

Ал адамдын айтымында, ирактык согушкерлердин бир гана максаты бар - америкалык жана башка оккупациялык аскерлерди Ирактан кууп чыгуу жана андай максатка жетүү үчүн бардык чаралар жакшы. Мисал үчүн Филиппин өкмөтү жана кээ бир компаниялардын жетекчилиги Ирактагы аракеттерин токтотуп, өлкөдө тынчтык орнотууга салым кошту.

Анткен менен көптөн бери барымтада кармалган британиялык жаран Кеннет Бигли бошотулбай да, өлтүрүлбөй да жатат. Аны менен кошо кармалган америкалык эки жаран өлтүрүлгөн. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Стронун айтымында, барымтачылар менен Лондон эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөйт:

-Биглинин видео аркылуу улам жасалып жаткан кайрылуулары Британия өкмөтүнүн турумун өзгөртө албайт. Анын үй-бүлөсүнө мен түшүндүрдүм, террорчулар менен биз сүйлөшүү жүргүзө албайбыз, анткени андай болгондо башка көптөгөн адамдар Иракта гана эмес, дүйнөнүн башка аймактарында дагы барымтага алына башташы мүмкүн.


Бирок Ирактын ички иштер министринин басма сөз өкүлү Сабах Кадимдин айтымында, өлкөдө туткунга алынгандар үчүн кун төлөө акыркы мезгилде кадимки көрүнүшкө айланып баратат жана ал токтотулбаса, көптөгөн жаңы маселе чыгышы мүмкүн.

Кун төлөө маселеси маалымат каражаттарында - 28-сентябрда Иракта италиялык эки аял туткун бошотулгандан кийин курч көтөрүлө баштады. Алгач алар өлтүрүлдү деген кабар тараган, бирок кувейттик бир гезит аны төгүнгө чыгарып, аялдар жакында бошотулат деп билдирген.

Гезиттин баш редактору Ясим Боодаинин айтымында, алар үчүн алгач 500 миң жана алар бошоор алдында, 27-сентябрда дагы 500 миң доллар төлөнгөн. Италия өкмөтү андай кабарды четке кагууда.


Бирок маалымат каражаттарынын жазышынча, көптөгөн фирмалар өз кызматкерлерин туткундан бошотуу үчүн кун төлөп жатат.

Кувейттик бир компаниянын жети кызматкери Иракта кармалганда, компания алар үчүн 500 миң доллар төлөп бошотуп, өзүнүн Ирактагы аракеттерин токтоткон. Барымтага алынган йорданиялык бир жаран үчүн 250 миң, Сауд Арабиядан келген бир адам үчүн 15 миң доллар, ал эми мисирлик төрт жаранды бошотуу үчүн италиялык "Ораском" компаниясы 150 миң доллар төлөгөнү тууралуу маалыматтар жарыяланды.

1990-жылдарда туткундарды бошотуу үчүн кун алуу Чеченстанда кадимки бизнеске айланып кеткен жана анын жыйынтыктары азыр кимдин болбосун көз алдында.

Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, быйыл жазында Дагестанда бошотулган врач Арьян Эркел үчүн бир миллион евро, 1998-жылы орус президентинин өкүлү Валентин Власов Чеченстанда туткунга түшкөндө ал үчүн 3 миллион доллардан ашык кун төлөнгөн, 1997-жылы болсо белгилүү журналист Елена Масюк барымтага алынганда, НТВ сыналгысы аны бошотуу үчүн 2 миллион доллар төлөгөн.

Сүрөттө: Италиялык кыздар - Симоналар Ирактагы барымтадан кийин Римге кайтканда.
XS
SM
MD
LG