Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:56

Баткен облусунун 5 жылдык мааракесине даярдык көрүлүп жатат


БАТКЕН. 5 жылдык мааракенин урматына Баткен шаарынын эки борбордук көчөсүнө асфальт төшөө аяктап, мындай иштер дагы эки көчөдө уланууда. Облустук акимчиликтин жанына Баткен аймагынан чыккан кыргыздын чыгаан уулдары, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер Абдыкадыр Орозбековдун, Исхак Раззаковдун жана Мурат Салиховдун айкелдери орнотулду. Облус борборунун чок ортосуна белгилүү бедизчи Тургунбай Садыков тарабынан Бишкектеги «Эркиндик» монументинин көчүрмөсү орнотулууда. Баткен шаарындагы алгачкы маданий эс алуу багынын курулушу аяктоо алдында турат.

Облустук музыкалык драма театрга айланган мурдагы маданият үйүнүн имаратын толук түрдө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Облус тууралуу маалыматтарды камтыган «Байманалуу Баткен» аттуу китеп басууга даярдалып, мааракенин урматына түрдүү маданий иш-чаралар да өткөрүлүүдө.

Облустун беш жылдык мааракеси 16-октябрда зор салтанат менен белгиленип, ага өлкө башчысы Аскар Акаевдин катышуусу күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG