Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

Талас облусунун уюшулгандыгынын 60 жылдыгы белгиленди


ТАЛАС. Бул окуяга арналган салтанатка бүгүн өлкө президенти Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин кош палаталарынын төрагалары Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана башка бир нече жогорку кызмат адамдары келишти. Салтанат Талас облусунун борбор шаарында Сырдыбай уулу Бердике баатырдын эстелигин ачуу аземи менен башталып, ал жерде президент Аскар Акаев сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө мамлекет башчысы Бердике баатыр Атаке бий менен бирге кыргыз жерин калмактардан биротоло тазалоого зор салым кошкон улуттук баатыр экенин белгиледи жана эстеликти куруу каражатын кызы Бермет менен уулу Айдар көтөргөндүгүн билдирди.

Салтанаттын кийинки бөлүгү Манас атанын күмбөзүндөгү комплексте уланып, президент айыл чарбасынын алдыңкыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Түштөн кийин спорттун улуттук таймаштар боюнча жеңүүчүлөрү сыйланып, өрөөндүн өнөрпоздорунун концерти тартууланды. Кечинде Бишкектик адистердин бир ай бою даярдаган театрлаштырылган оюн-зоок программасы көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG