Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Улгайган адамдардын урматына фестиваль өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте карыларды коргоочу Ресурстук борбор улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата фестиваль өткөрдү. Анда жашы өтүп калган адамдардын жашоо-турмушун чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлүп, карылардын колго жасаган буюмдары жарманкеге коюлду. Ошондой эле жеткинчектердин өздүк көркөм чыгарамачылык ийримдеринин катышуучуларынын концерти тартууланды. Бул акциянын максаты - Кыргызстандын өнүгүшүнө улгайган адамдардын кошкон салымына коомдун көңүлүн буруу болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG