Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Еврокомиссия Кыргызстанга 5,5 млн. евро убада кылды


БИШКЕК. Еврокомиссия Азык-түлүк коопсуздугу программасынын алкагында Кыргызстандын өкмөтүнүн эсебине мурда макулдашылган 5,5 миллион евро өлчөмүндөгү каражатты 30-сентябрда котормок. Бул тууралуу 28-сентябрда Брюсселде каржы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев менен болгон жолугушууда Еврокомиссиянын азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Шанталь Хеберехт билдирген.

Каржы министрлигинин жума күнкү маалыматына караганда, мындан тышкары, Төрөмырзаев Евркокомиссиянын бир катар жетекчилери менен жолугушуп, анда Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы ТАСИС жана Азык-түлүк коопсуздугу программаларынын алкагындагы кызматташтыктын башкы багыттары талкууланды.

Төрөмырзаев Еврокомиссия өкүлдөрүн 3-4-октябрда Бишкекте өтө турган донорлор менен Кыргыз өкмөтүнүн жолугушуусуна чакырды. Бул отурумда 2010-жылга чейинки комплекстүү өнүгүү программасынын негиздери талкууланмакчы.

Ал эми Брюсселде сүйлөшүлгөн 5.5 млн. евронун Кыргызстанга келген-келбегендиги тууралуу жаңы маалыматты каржы министрлиги тарата элек.

XS
SM
MD
LG