Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Индонезиялык мусулман динаятчысы Ирактагы барымтачылардын сунушун четке какты


Индонезиялык эки аялды туткунда кармап жаткан “Ирактын ислам армиясы” деп аталган топ аларды бошотуу үчүн Индонезиядагы “Жемаа исламия” тобунун лидери Абу Бакар Баширдин түрмөдөн чыгарылышын талап кылган эле. Бирок Абу Бакар чыныгы мусулмандар аялдар менен балдарды эч качан барымтага албайт эле, Ирактагы экстремисттер, кыязы, мусулман эмес окшойт деп билдирди.

Индонезиянын президенти Мегвати Сукарнопутри да “Ал-Жазира” телеканалындагы кайрылуусунда мусулмандардын ыйык Рамадан айы жакындап калганын эске салып, эки аялды туткундан токтоосуз бошотууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG