Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Индиянын түндүгүндөгү эки штатта бир нече жарылуу болду


Нагеланд штатындагы Димапур шаарында, полициянын маалыматтарына ылайык, бир эле мезгилде эки бомба – бири базарда, экинчиси темир жол вокзалында – жарылды. Баары болуп отуздай адамдын өмүрү кыйылды, жарадар болгондордун саны жүздөн ашат. Коңшулаш Ассам штатындагы жарылуудан бир киши жайран болду. Жергиликтүү бийликтер бул иштерди региондогу сепаратисттик топтордон көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG