Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Шайырбек Эркин уулу, Баткен Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун чектеш аймактарында жашаган карапайым калк чегара, бажы тоскоолдуктарынын астында жашап жатканына он жылдан ашуун убакыт өттү. Өзгөчө өзбек чегарачыларынын мыйзамсыз аракеттерине тушугуп, аларга нараазы болгон кыргыз атуулдарынын саны күн санап арбып барат. Кыргызстандыктардын чегарадан өтүп кеткен малдарын өзбек чегарачылары айдап кетип, кайра кайтпай калган учурлар да көп. Ошол эле учурда өзбек атуулдары Кыргызстандын талааларында малдарын ээн-жайкын багып кетишет. Ал эми өткөн жуманын соңунда Кадамжай районунун Ноогардан айылына чектеш Өзбекстандын Арап айылынын тургундары Кыргызстандын аймагында мал багууга тыюу салганы үчүн кыргыз чегарачыларын ташбараңга алып кетишти.

Өткөн жума күнү кечки саат жетилер чамасында кайгуулга чыгышкан «Алга» чегара бөлүмчөсүнүн жоокерлери Кадамжайдын Ноогардан айылынын чет жакасында мал багып жүргөн Өзбекстандын кошуналаш Арап айылынын тургундарынын алдын тосушуп, чегарадан өтүү, Кыргызстандын аймагында мал багуу мүмкүн эместигин эскерте башташат.

Мыйзам чегиндеги мындай талапка кошуналар тараптан каяша сөздөр айтылган соң жоокерлер маселени чегара бөлүгүндө териштирүү үчүн алардын малын айдап кетмекчи болушат. Ошол учурда жакын турган Арап айылынан жете келген адамдар да чырга аралашып, баш-аягы элүү чакты өзбек атуулдары кыргыз чегарачыларын ташбараңга алып киришет.

Натыйжада ага сержант Жыргалбек Абдухалилов, катардагы жоокерлер Мадумар Абдрахманов менен Мелис Монбаевдер денесинин ар кай жеринен жараат алып, Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген. Өзбек атуулдары болсо эч нерсе болбогондой малдарын айдап, тарап кетишет. Ташбараң учурунда кыргыз чегарачылары толук укугу болгонуна карабай, колунда куралы туруп, жада калса эскертүү иретинде да асманга ок чыгарып койгонго жарашкан эмес. Жоокерлердин мындай аракетин облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев эки ортодогу достук мамилени бузуудан сактанган сабырдуулук катары баалайт:

- Биздин солдаттар эки айылдын ортосундагы болгон карым-катнашты сезип турган. Арап айылы менен Ноогардан айылы айырмасы жок, көчөнүн нары жагы Өзбекстан Республикасы, бери жагы Кыргызстандыкы. Ошондуктан ал жерде ок чыгарууну биздин солдаттар ойлогон да эмес, достук иретинде түшүдүрүү иштерин жүргүзөлү деген максаттары болгон.

Ал эми Баткен районунун тургуну Алишер Төрөбеков мындай мамилени чегарачылардын өзүн-өзү коргой албаган алсыздыгы деп белгилейт:

- Бул окуя боюнча биздин солдаттар алсыздыгын көрсөткөн. Устав боюнча мындай учурда аскерлер ок чыгарууга акысы бар. Ушундай окуялар буга чейин эки-үч жолу болгон. Өзбек солдаттары жөнөкөй эле учурларда атып салган учурлар болгон эле. Биздин солдаттардын алсыздыгы биздин жалпы аскерлерибиздин кадыр-баркына кандайдыр бир деңгээлде доо кетирет.

Соңку жылдарда кыргыз-өзбек чегарасында чыр-чатактуу мындай окуялар көп кайталанууда. Өзгөчө, өзбек чегарачыларынын өкүмзордугуна, катаал мамилесине нараазылыгы күчөгөн кыргыз атуулдары унчукпай чыдап келет.

Кыргыз атуулдары Өзбекстандын аймагында мал бакмак түгүл, жакын жолой алышпайт. Чегарадан өтүп кеткен малды өзбек жоокерлери айдап кетип, кайра кайтпай калган учурлар да арбын. Маселен, жакында эле Кызылкыялык бирөөнүн эки уюн чегараны бузду деген шылтоо менен өзбек чегарачылары жетелеп кетишкен. Уйлардын ээси болсо айла кеткенде облус бийлигине даттанып келген. Сөз кайрадан Таштемир Эшалиевде:

- Бизге абдан көп арыз, даттануулар менен келип жатышат. Мисалы, жакында эле Кызылкыя шаарынын астында Өзбекстан менен чегаралаш айылда бир аял сууга үч уюн жетелеп барып сугарып атса, солдаттар эки уюн жетелеп кетишиптир, бир ую качып кетиптир. Ошол жерде Кубасай шаардык соту чегараны бузуп өттү бул уй деп аны конфискация кылып Өзбекстанга алып коюптур. Ал жөнүндө бизге ошол аялдын арызы келип түштү. Биз аны ошол шаардын мэриясы менен биргеликте чечебиз.
XS
SM
MD
LG