Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

4-октябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин маалыматы боюнча 4-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Чыгыш тараптан салкын желаргы жүрөт.

ТАЛАС аймагында абанын температурасы түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30 градус ысык болот.
Ал эми ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +7…+12, чыгышта 0…+5 градус, күндүз +18…+23 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫН облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24 градус.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +10…+15, түндүк тарабында +4…+9, күндүз +25 градустан +30 градуска чейин ысыйт.
Борборубуз БИШКЕКТЕ күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градус.

Күндүн узактыгы 11 саат 36 мүнөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бакыт Аманбаев даярдады.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG