Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

ГАЗА ТИЛКЕСИНДЕ АБАЛ КАЙРАДАН КУРЧУДУ


Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Газа тилкесиндеги аскерий операция улантылат деп жарыялады. Бул масштабдуу рейд шаршембиде палестин тараптан атылган ракетадан эки жөөт бала каза тапкандан кийин башталган. Ошондон бери 50гө жакын палестин адамы окко учту.

Ишемби күнү кечинде Шарон "бул операция канчалык керек болсо ошончолук убакытка созулат", - деп билдирди.

Бейшембиде 2 миңге чукул жөөт аскерлери танка, бульдозерлердин коштоосунда Газа тилкесине кирип келишкен. Жекшембиде болсо израилдиктер түштүктөгү Хан Юнус лагерине карай жыла башташты. Ушу тапта жөөт армиясы тилкенин 9 чакырымдайын көзөмөлдөп турат.

Палестин автономиясынын өкмөт башчысы Ахмед Куреи согушкер топторго кайрылып, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, израилдиктердин чабуулдарына шылтоо бербөөгө чакырды. Премьердин айтымында, Израиль аймакта тынчтык орнотууга багытталган аракеттерди үзгүлтүккө учуратып жатат:

- Бул – анык кылмыш. Палестиналыктарды дүйнө алдында көз көрүнө өлтүрүп, үйлөрүн кыйратып жатышат. Тилекке каршы, эл аралык коомчулук унчукпай карап отурат.

Ишембиде Израилдин куралдуу күчтөрү Жебалия качкындар лагеринен чегиништи. БУУдагы расмий булактарга караганда, рейддин натыйжасында лагерде ондогон киши үйсүз калды. Күбөлөрдүн ырастоосунда, жөөт танкалары бир нече дүкөндү да талкалап салышты. Жебалияда 106 миңге жакын качкын жашайт.

Ошол эле 2-октябрда палестиналык бир нече согушкер жок кылынды, - деп билдиршити Израиль армиясынан.

“Хамас” тобу болсо өзүнүн алгачкы пресс-конференциясын өткөрүп, Израилдин Ашкелтон шаарына да ракетадан чабуул коюлат деп эскертти. Буга Шарон израилдиктердин коопсуздугу үчүн керектүү чаралар көрүлүп жатат, деп жооп берди.
“Хамастын” айтымында, соңку бир нече күндүн ичинде топтун 15 мүчөсү набыт болду.

Азыркы окуялар Шарондун Газа тилкесинен чегинүү планын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Өкмөт башчынын оппоненттери болсо аскерлерди чыгарып кетүү согушкерлердин чабуулдарын көбөйтүүгө огожо болуп берет дешүүдө.

Израилдин оппозициядагы партиясынын лидери Шимон Перес БУУда сүйлөп, салгылашууларга карабай, чегинүү планы өзгөртүлбөйт деп ырастады.

АКШнын мамдепартаменти болсо Израиль өзүн коргоого укуктуу, бирок ченемдүү күч колдонушу керек деп билдирди.

XS
SM
MD
LG