Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

КАЗАКСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ ӨТТҮ


3-октябрда Казакстанда парламенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Бул жолу эл бир мандаттуу 22 шайлоо округунан мажилиске депутаттарды шайлашты. Астана убактысы боюнча кечки саат сегизге карай, башкача айтканда, добуш берүү бекеттеринин жабылышына чейин 44% шайлоочу келип, добуш беришти. Казакстандын мыйзамдарына ылайык тизмеге киргизилгендердин 50%дан азы добуш берүүгө келгенине карабай шайлоо өттү деп эсептеле берет. Эми 44% шайлоочунун көпчүлүгүнүн добушун алган талапкерлер жеңүүчү деп табылат.

Казакстандын 77 орундуу мажилисине шайлоонун биринчи туру 19-сентябрда өткөрүлгөн. Анда бир мандаттуу шайлоо округдарынан 45, ал эми партиялык тизме боюнча 10 депутат шайланган. Калган 22 шайлоо округу боюнча экинчи тур өтөөрү айкын болгон.

Биринчи турда бийликчил “Отан” партиялык тизме боюнча шайлануучу 10 депутаттык орундун жетөөсүн, президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева жетектеген “Асар” бир орун, оппозициялык “Ак жол” партиясы бир жана “АИСТ” блогу бир орун жеңип алган.

Ошентип коңшу өлкөдөгү парламенттик шайлоонун биринчи турунда жалпысынан бийлик жеңишке жетишкен.

Казакстандын Борборшайлоокомунун 3-октябрдагы маалыматына караганда, Астана убактысы боюнча кечки саат сегизге карай, шайлоонун экинчи туруна 44%тен ашуун шайлоочулар келди.

Шайлоочулардын активдүүлүгүнүн төмөндүгүнүн себеби тууралуу “Азаттыктын” Казакстандагы кабарчысы Нурбол Габдулхамид буларды кабарлады:

- Көчөгө чыгып калктан сураганыбызда алар шайлоонун экинчи турунун болоору тууралуу кабарсыз экендигин билдиришти. Бир шайлоо участкасынын кызматкери менен сүйлөшсөк, бул ирет жарыя дурус болбогонун айтты.

Анын маалыматы боюнча, экинчи турда 22 орунду талашкан 44 талапкердин ичинен “Отан” партиясынан 15, ”Асар”, Казакстан патриоттор партияларынан бирден, “Аист” блогунан беш, ал эми “Акжол” партиясынан эки жана өзүн-өзү көрсөткөн 17 киши ат салышты. "Көз карандысыз байкоочулар экинчи турдун жүрүшүндө мыйзам бузуу фактыларын белгилеп жатышат", деп кошумчалады Нурбол Габдулхамид.

Коңшу өлкөдөгү парламенттик шайлоонун биринчи туруна көзөмөл жүргүзгөн байкоочулардын баалары добуш берүүнүн жүрүшү боюнча эки ача болуп чыккан.

Маселен, КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн байкоочуларынын атынан “Казакстандагы шайлоонун мыйзамдуу жана ачык” өткөнүн жарыяласа, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары тескерисинче, шайлоонун эл аралык стандарттарга дал келбегенин билдирген. ЕККУнун мындай корутундусун АКШнын өкмөтү да бышыктаган.

Кыргызстандан барган байкоочулдарын баасы да ушундай эле мүнөздө болгону белгилүү. Расмий бийлик тараптан барган байкоочулар шайлоонун мыйзам чегинде өткөнүн белгилешсе, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү терс баасын беришкен. Маселен, байкоочу катары катышкан Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Турсунбек Акун мындай дейт:

- Казакстанда өткөн шайлоодо үгүт ишин жүргүзүүгө бийликчил партияларга артыкчылык берилген. Ошон үчүн менин оюм боюнча, Казакстандагы парламенттик шайлоонун биринчи туру өтө адилетсиз өттү.

Ал эми “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюму болсо коңшу өлкөгө байкоочу жиберүүдөн баш тарткан. Ага Казакстандагы адам укугун коргоо уюмунун жетекчиси Евгений Жовтистин каты себепкер болгон. Өз катында Жовтис шайлоо кампаниясынын жүргүзүлүшүнө жана шашылыш түрдө электрондук шайлоо системасынын киргизилишине каршы болгон. Төлөкан Исмаилова Жовтистин каты тууралуу буларды билдирди:

- Евгений Жовтистин демилгесин колдоп, биз Казакстандагы шайлоого байкоо жүргүзүүдөн баш тарттык. Анткени биринчиден, биз атасы менен кызынын партиясы кандайча күчөп, кандай технологияларды колдонуп жатканын көрдүк.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG