Франциянын түштүк–батышындагы операцияны француз жана испан полициясы биргелешип өткөрдү. Кармалгандардын арасындагы Микель Альбису Ириарте жана Соледад Ипаррагуирре баск жикчилеринин ЭТА тобунунун көптөн бери изделип келген согушкерлери. Испаниянын ички иштер министри Хосе Антонио Алонсо бул окуяны ЭТА тобуна каршы күрөштөгү "чоң ийгилик" катары баалады.