Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

МАГАТЭнин башчысы Сеулда жүрөт


Мохаммед эл–Барадейи бүгүн Түштүк Корея бийликтери менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул өлкөнүн окумуштуулары уранды байытуу жана плутоний алуу боюнча жашыруун тажрыйбаларды өткөргөнү жакында белгилүү болгон эле. Аталган эки зат тең өзөктү бомба жасоодо колдонулат. МАГАТЭнин башчысы бүгүн Сеулдан мындай деди:

- Мен мурда айткандай, бул тармакта күн мурунтан жарыяланбаган иштердин баары олуттуу кооптонууларды жаратат. Бирок мен билгендей, булар чектелген, масштабдуу эмес тажрыйбалар болгон. Биз жөн гана мындай тажрыйбалар МАГАТЭни кабардар кылбай туруп өткөрүлбөшүнө ынангыбыз келет.

Түштүк Кореянын өзөктүк тажрыйбалары жөнүндөгү маалыматтарга жооп кылып коңшу Түндүк Корея, Сеулдун аракети толук иликтемейинче өзүнүн өзөктүк курал программасынын айланасындагы кризисти чечүүгө багытталган көп тараптуу сүйлөшүүлөргө катышпасын билдирген.

XS
SM
MD
LG