Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Абхаз республикасында президенттик шайлоо өтүүдө


Грузиянын бул жикчил республикасындагы башкы кызмат үчүн беш адам атаандашууда. Алардын ичиндеги негизги эки талапкер – азыркы премьер- министри Рауль Хаджимба менен мурдагы премьер- министр, "Черноморэнерго" деген мамлекеттик компаниянын жетекчиси Сергей Багапш.

Республиканын шайлоо комиссиянын төрагасы Жумбер Салакаянын билдиргенине караганда, добуш берүүгө эл активдүү катышууда:

- Биз шайлоочулардын мындай активдүүлүгүн мурдагы шайлоолордо көргөн эмеспиз. Бардык талапкерлердин байкоочулары бар, кандайдыр бир проблема байкалган жок. Эл өтө жигердүү катышып жатат.

Учурдагы президент, кызматтан саламаттыгына байланыштуу кетип жаткан Владислав Ардзинба премьер-министри Рауль Хаджимбанын талапкерлигин колдоорун билдирген.

Абхазия көз карандысыздыгын 1990-жылдардын башында жарыялаган, бирок эч ким тарабынан таанылган эмес. Расмий Тбилиси бул жердеги президенттик шайлоону мыйзамсыз деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG