Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Казакстанда бүгүн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү


Астана убактысы боюнча саат 8де шайлоочулардын 44,6 проценти добуш берди жана шайлоо өттү деп эсептелди. Анын натыйжасында казак парламентинин төмөнкү палатасы – мажлистин 77 депутатынын 22си аныкталыш керек. Калган 55 депутат 19-сентябрда өткөн биринчи айлампанын соңунда белгилүү болгон. Анда бир мандаттуу округдарды жана партиялык тизмени кошкондо орундардын басымдуу бөлүгүн президент Н.Назарбаевдин "Отан" партиясы алган. Казак оппозициясы шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. АКШ, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоо демократиялык стандарттарга ылайык өтпөгөнүн билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG