Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

«ТҮНДҮКЭЛЕКТР» ИШКАНАСЫ САТЫЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргыз өкмөтү энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабын ишке ашырууну сунуштоодо. Өкмөттүн планына ылайык "Түндүкэлектр" акционердик коому концессияга, тагыраак айтканда, көп жылга чет өлкөлүк компаниялардын башкаруусуна берилет. Айрым депутаттар энергетикка эң кирешелүү тармак экендигин айтышып, аны менчиктештирүүүгө каршы болушууда. Кызуу талаш-тартыштан соң Мыйзам чыгаруу жыйыны маселени кароону эртеңкиге жылдырды.

Энергетикка өлкөдөгү стратегиялык маанилүү тамак болгондуктан аны менчиктештирүү Жогорку Кеңештин уруксаты менен ишке ашырылат. Буга чейин аталган маселе Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйынында каралган. Талкуунун жүрүшүндө кош палата депутаттары «Түндүкэлектр» акционердик коомун менчиктештирүүдөн мурда, энергетикка тармагын менчиктештирүүнүн биринчи, экинчи, үчүнчү этаптарынын жыйынтыктары тууралуу өкмөттүн отчетун угуу зарылдыгын айтышып, маселени өкмөткө кайтарган. Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн кызуу талаш-тартыштан соң маселени кароону 5-октябрга жылдырды.

Белгилей кетүүчү нерсе, эң кирешелүү делинген энергетикка тармагын менчиктештирүү боюнча аткаруу бийлиги жана айрым депутаттар түрдүүчө пикирде. Аткаруу бийлиги энергетикка тармагы соңку жылдары эң чыгашалуу тармак экендигин айтып, аны сатуу менен гана бул абалдан чыгууга болот дешет. Ал эми көпчүлүк депуттар болсо, «энергетикка тармагы Кыргызстандын эң кирешелүү байлыгы» дешип, аны сатууга карманча каршы болушууда.

Маселен, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Равшан Жээнбеков учурда энергетикка тармагынын жалпы дебитордук карызы 6 миллиард сомдон ашып, жабдуулар эскиргендигин айтып, мындай оор абалдан тармакты жеке менчикке берүү менен гана чыгууга болот дейт:

- Учурда энергетикка тармагы оор абалда. Жабдуулар эскирди. Электр энергиясын уурдоону деңгээли абдан жогору. Анын баары тармак менчиктештирилсе гана чечилет.

Ошондой эле Равшан Жээнбековдун белгилөөсүнө караганда, эгерде «Түндүк электр» ишканасы менчиктештирилсе, ишкананы сатып алган инвестор жакынкы жылдары бул тармакты өнүктүрүүгө 60 миллиондон 100 миллион долларга чейин инвестиция салып, калкты электр энергиясы менен жабдуу абдан жакшыртылат эле.

Өкмөт өкүлүнүн жогорудагыдай жүйөсүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттары «элди алдоо» деп жокко чыгарышат. Маселен, депутат Орозбек Дүйшеевдин айтымында, электр тамагы Кыргызстандагы эң кирешелүү тармак. Маселен, бир килловат электр энергиясын өндүрүүгө бир жарым тыйын ал эми өндүрүлгөн энегияны калкка ташып жеткирүүнү кошуп санаганда баш аягы үч тыйын сарпаталат. Мындан сырткары 2001-жылы энергетикка тармагы бир жарым миллирад сом таза киреше менен аяктаган. «Ал эми аткаруу бийлиги соңку жылдары атайылап, жасалма жол менен энергетикка тармагын чыгашалуу тармак деп элге көрсөтүп, жең ичинен сатууну көздөөдө», дейт депутат Орозбек Дүйшеев:

- Бул өзүн-өзү актаган өндүрүш. Мунайы бар өлкөлөрдү «байып жатат» деп айтып айтпайлыбы. Бул мунай менен эч айырмасы жок. Тескерисинче мунай түгөнөт. Ал эми биздин таза суу кору түгөнбөт. Ошондуктан жалпы кыргыз элинин байлыгын эч убакта сатпоо керек, - деген Орозбек Дүйшееев энергетикка тармагын менчиктештирүү башталгандан тарта калкты электр энергиясы менен камсыз кылуунун тарифи 17 тыйындан 60 тыйынга чейин жогорулагандыгын кошумчалады. Ал эми депутат Марат Султанов келечекте электр тармагы менчиктештирилсе, калкты электр энергиясы менен камсыз кылуунун баасы дагы жогорулашы ыктымал дейт:

- Учурда калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу абдан оор болууда. Электр жарыгы каалагандай өчүрүлүүдө. Эгерде менчикке сатылса, мындай көрүнүш күчөйт. Энергияга баа жогорулайт, - ушундай пикирин билдирди депутат Марат Султанов.

Энергетикка тармагын менчиктештирүү маселесин кароо үчүн Мыйзам чыгаруу жыйын залына президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков, өкмөт башчы Николай Танаев баштаган дээрлик бардык министрлер келишти. Күн тартибинде энергетикка маселесинен мурда Акыйкатчынын орун басарларын шайлоо тургандыктан бул маселе 5-октярда карала турган болду. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны Түндүк электр ишканасын сатууга макул болобу жокпу, аны менен кийинки берүүлөрдөн тааныша аласыздар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG