Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

4-октябрда Бишкекте Түрк цивилизациясынын дүйнөдөгү орду жана ролуна арналган эларалык конгресс ишин баштады. Үч күнгө созулчу үлкөн илимий жыйында дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн чогулган илимпоздор түрк цивилизациясынын башаты менен бүгүнкүсү тууралуу ой бөлүшүп, анын дүйнөлүк маданиятта ээлеген ордуна токтолушмакчы.

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин демилгеси менен өтүп аткан эларалык конгресстин ачылышында сөз сүйлөгөн президент А.Акаев түрк цивилизациясы дүйнө маданиятын ири жетишкендиктери менен байытып, ушу тапта ургаалдуу өнүгүп жатканын белгиледи.

А.Акаев өз элинин өткөнүнө кызыгып келгенин, Ленинградда калган студенттик жылдарында айтылуу окумуштуу Лев Гумилевдун пассионардуулук теориясына кумарланып, биртоп тарыхый эмгектерди окуп чыкканын мисалга тартты. Кийинки кездери коомдук пикирде цивилзациялардын кагылышы жөнүндөгү идея үстөм экенине токтолгон президент карама-каршылыктан акыры барып адамзаттын өзү тукум болуп кетиш ыктымалдыгын эскертип өттү.

- Алмустактан бери жер үстүндөгү тиричиликтин негизин кепке келүү, өз ара карым-катыш, өтмө катар алака-бериш түзүп келген. Дүйнөлүк саясий сөздүктөн цивилизациялардын кагылышы терминин саясий жагынан зыяндуу, практикалык жактан коркунучтуу түшүнүк катары алып салуу жөнүндөгү менин сунушум Ысыккөлдө өткөн конференциянын катышуучулары тарабынан түшүнүү менен кабыл алынды. Менин пикирим оң экенине жакында АКШга болгон иш сапарым учурунда, Улуттар Уюмунун Башкы ассамблейинде, Гарвард университетинде сүйлөгөн чакта да ынандым.

Президент А.Акаев азырынча дүйнө илимпоздорунун арасында түрк цивилизациясы түшүнүгү кеңири жайыла электигин, анткен менен байыркы Борбор Азиядан башат алган түрк тилдүү калктардын цивилизациясы дүйнөлүк тарыхый өнүгүүнүн мыйзамченемдүү жолдорун басып өтүп, ушу тапта жылдызы жанып турганын айтты. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин алдында түрк цивилизациясын иликтөөчү илимий борбордун түзүлүшү зарыл экендигин белгиледи.

Лев Гумилевдун дүйнө калкынын жаралыш, өнүгүш тарыхында жылдызы жанган жарык учурлары, бара-бара жалындаган деми басылып көкшүнү сууп отуруп калар чагы болорун белгилеген илимий көз карашынын көркөмдөштүрүлгөн сүрөтүн Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов тартты. «20-кылым кечээки көчмөн калктардын тарыхында пассионардык симфония таризинде чыкты», деп айтты ойчул сүрөткер.

- Сөз арасында айтылган пассионардык симфония бул доор элесин табуунун бир аракети, үндөш ойду издөөнүн амалы, ичара чырмалышкан көрүнүштөрдүн кошулмасы. Бул Борбор Азиядагы советтик цивилизация менен Ататүрк түптөгөн заманбап мамлекеттин салтанаты 20-кылымда жалындап чыга келди, - дейт Чыңгыз Айтматов.

Түрк цивилизациясы байыркы замандан бирде көтөрүлүп, моңолдордун чабуулунан соң чачылып, соңунда дагы жанданып, жаңы доордо түпкү тарыхы, тили бир калктардын жакындашуусу жүрүп жатканы илимий жыйында чыгып сүйлөгөн Австралия, Жапания, Түркия, Кыргызстандын окумуштуулары тарабынан белгиленди. Танапис учурунда Түркиядан келген окумуштуу, профессор Ахмет Билан Эржыласун мырзаны сөзгө тарттык.

- Түрк цивилизациясы, түрк маданияты бүтүндөй түрк тилдүү калктар үчүн өзгөчө маанилүү. Түркия түрктөрү, Өзбекстан түрктөрү, Кыргызстан түрктөрү, уйгур түкртөрү – баары үчүн орток нерсе. Ошон үчүн биз түрк цивилизациясы баарыбыз үчүн бир дейбиз. Байыркы түрк маданияты, бүгүнкү түрк цивилизациясынын дүйнө маданиятына, цивилизациясына кошкон салымы бар. Эларалык илимий жыйында мына ушулар жөнүндө пикир алышабыз, - деп айтты Ахмет Билан Эржыласун мырза.

Үч күндүк илимий жыйын катышуучулары соңунда дүйнө цивилизациясы ичара ымалага келип, бири экинчисине кечиримдүү болуп жашоосу керек экендигин ырастаган резолюция кабыл алышмакчы.
XS
SM
MD
LG