Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Ыссыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева 250 ардагерге материалдык жардам көрсөттү


КАРАКОЛ. Алынган маалыматтар боюнча облуста 50 миң пенсионер, 101 согуштун жана эмгектин ардагери бар. Жашы улгайган адамдардын арасында социалдык колдоого муктаж, турмуш шарттары өтө начар жашагандары жок эмес. Бүгүн Каракол шаарында улгайган адамдардын күнүнө арналып өткөрүлгөн иш чаранын айрым катышуучуларынын пикирлерине караганда, октябрь айында гана аларды ардактабай, айрыкча улам катарлары суюлуп бараткан согуштун жана эмгектин ардагерлерине ардайым урмат-сый көрсөтүлүүгө тийиш. Мына ушундай ой-тилектердин коштоосунда өткөн иш чарада облус губернатору 250 пенсионердин ар бирине 300 сомдон акчалай жардам берип, алардын башын бириктирип атайын сый тамак уюштурду.

XS
SM
MD
LG