Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:19

Ош шаарыннын күнүн майрамдоо 4-октябрдан жылдырылды


ОШ. Ош шаардык мэриясынын чечими менен жылда 4-октябрда майрамдалып келе жаткан шаар күнүн майрамдоо быйыл 15-октябрга жылдырылды. 2001-жылдан бери 4-октябрь Ош шаарынын республикалык маанидеги шаар статусун алган күн катары шаардыкдар тарабынан белгилөө адаты калыптана баштаган эле. Ош шаардык мэриясынын өзүнүн атын атабоону суранган бир кызматкери шаар күнүн майрамдоо иш чарасы мамлекет башчысы Аскар Акаевдин октябрь айынын орто чениндеги түштүк аймагына иш сапарына ылайыкташтырылып кийинкиге жылдырылгандыгын билдирди. Айта кетүүчү жагдай шаар күнүн майрамдоонун программасы быйыл жылдагыдан бир кыйла кеңирилиги менен айырмаланат. Программага расмий салтанаттан тышкары борбордук стадиондо студенттердин жана окуучулардын күчү менен даярдалган театрлаштырылган оюндарды көргөзүү, ат оюндары жана эки насостук станциянын ачылыш аземи киргизилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG