Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги Нарын облусунун Нарын районуна жардам көрсөтөт


НАРЫН. Мындай маалыматты Нарын райондук айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай департаментинин кызматкери Темирбек Тыйтаев билдирди. 4-октябрда Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин атайын адистери Нарын райондук айыл чарба департаментинде болушуп, райондун айыл чарба продукциясынын өндүрүлүшүн жана кайра иштетүү тармагынын абалын изилдөөнү башташты, деген Темирбек Тыйтаев Нарын районун пилоттук район катары тандоодон өткөндүгүн кошумчалап, натыйжада район аймагындагы айыл өкмөттөрдүн, фермерлердин, коомдук уюмдардын жактырылган долбоорлору 50 миңден 150 миң сомго чейинки грантка ээ болушаарын маалымдады. Ал эми райондук департаменттин жетекчиси Нарын Бегалиев алгачкы эле күнү 11 долбоор агентчиликке сунуш кылынгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG