Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Талас облусундагы бийик тоолуу жайыттарда өрт күчөөдө


ТАЛАС. Граждандык коргоонунун облустук штабынан 4-октябрь күнү алынган маалыматка караганда, Талас районундагы Көкой, Долоно айыл өкмөттөрүнө караштуу Үчдөбө, Жошо, Кулан кыштоолоорунун жайыттарынан 31-сентябрь күнү чыккан өрттү ушул кезге чейин өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Өрт алгач эки күн чыгышты көздөй каптап, кийинки эки күндөн бери улам бийиктеп, кайра батышты көздөй жылууда. Облустун алтымыш жылдыгына даярдык көрүүдөн бошобогон райондук бийлик өрттү өчүрүүгө элди уюштурууга чолосу тийбей, ал эми мамлекеттик токой кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн токойчуларынын аракетинен майнап чыкпай жатат. Адистердин болжолдуу эсебине караганда, кеминде миң гектарга чамалаш аянт өрткө чулганган. Кыргыз Алатоо кыркасынын күңгөй бетинде ушундай эле өрт 28-июлда Манас районундагы Караарча, Сөгөт айылдарынын үстүнөн да чыгып, аны өчүрүүгө да элди уюштуруу кечигип, өрт бир жумача өчкөн эмес.

XS
SM
MD
LG