Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

ЕККУнун конференциясы өтүүдө


БИШКЕК. Бул күндөрү Польшанын борбору Варшава шаарында Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун «Адам ченемдери» боюнча конференциясы өтүүдө. Ага Кыргызстандан президенттик администрациянын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аликбек Жекшенкулов, юстиция министринин орун басары Эркинбек Мамыров жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууда. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалциясынын президенти Эдил Байсаловдун бүгүн Варшавадан билдирүүсүнө караганда, ал жыйында Кыргызстандагы шайлоолорго даярдык жөнүндө маалымат берип, анда адилет шайлоону өткөрүү үчүн жетиштүү шарт түзүлгөнүн белгиледи. Байсаловдун айтымында, ал жетектеген уюм 10-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого байкоо жүргүзүүнүн алгачкы жыйынтыктарын 11-12-октябрда чыгарат.

XS
SM
MD
LG