Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

КАЗАКСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТТҮ, ЭМИ КЕП КЫРГЫЗСТАНДА КАЛДЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Казак парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо аяктады. Шайлоодо бийликчил партиялар жана жана саясатчылар негизги орундарды жеңип алды. Шайлоонун мындай жыйынтыгы менен оппозиция макул эмес. Ал эми Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү Казакстандагы шайлоо жыйынтыгын жакшы маанайда кабыл алса, коомчулуктун айрым өкүлдөрүн сарсаана кылууда.

Бир күндөн соң казак парламентинин төмөнкү мажлисиндеги 77 депутаттык орунга кимдер келгени толугу менен дайын болмокчу. Ага карабай айрым маалымат агенттиктери Казакстандагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгын Президент Н.Назарбаевдин "Отан" партиясына ыроолоп жатышат. Казак оппозициясы шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес. Ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоо демократиялык стандарттарга ылайык өтпөгөнүн билдирген.

Бул кошуна Казакстандагы абал. Ал эми Кыргызстанда жакында өтүүчү жергиликтүү кеңештер үчүн шайлоого даярдыктар Казакстандагыдай эле мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын дүйшөмбү күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов сессиянын алдында айтып чыкты. Ошондой эле “Азаттык” радиосуна кайрылган талапкерлер, угармандар билдирүүдө. Алсак Бишкек шаар кеңешине талапкер Аскарбек Мамбеталиев 2-октябрда Азаттыктын сайтына мындай мазмундагы катын жолдогон:

- Мен Бишкек шаар кеңешине талапкермин. Мамлекеттин кызыкпаганы ушунчалык – шайлоочулар менен болгон жолугушууда бир да массмедианы, журналистти жибербегени. Жолугушуулар деле убара болуп барсаң көбүнчө болбой калууда. Эмне деген мамлекет, эмне деген эл түшүнбөйсүң.

Ошондой эле Бишкек шаарынан кайрылган угарман Аскарбек Жумаев:

- Эми шайлоо башталбатат. Шайлоо алдында 800 миң киши эч жерге катталбай жашайт. Алардын баары накта кыргыздар. Алар шайлоодо добуш берүүгө укугу жок. Аларга шайлоого катышууга атайын шарт түзүп берүү керек.

Көпчүлүк саясатчылар Кыргызстанда да Казакстандагыдай эле бийликтин таламын талашкан партияларга артыкчылык берилип, шаардын белгилүү жерлерине алардын рекламалык көрнөктөрү илинип, маалымат каражаттарында алар көп чыгып жатканын белгилешет. Мына ушундай көрүнүштөн улам Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров 4-октябрдагы жыйында Борбор шайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаевди, прокуратура өкүлдөрүн чакырып ишти териштирүүнү жактады. Ошондой эле Бишкек шаар кеңешине шайлоодо айрым саясый технологдор өздөрү сүрөөгө алган саясый партияларды өткөрүүгө аракет кылышып, эл менен эсептешкиси келбей жатканын Адахан Мадумаров баса белгиледи.

- Сулайман Иманбаевич келсин мынабул жерге, бул жерге прокуратурадан келсин. Азыр сынак жүрүп жатат. Бишкек кеңешине сыноо жүрүп жатат. “Артка Кыргызстан”, “Адилет” дегендер. Бир атадан, бир энеден туулган үч партия бар. Эгерде биз унчукпай койсок ал технологдор “Кыргызстан дагы эле уктап жаткан экен, ушундай метод менен Парламенттик шайлоону эң сонун өткөрүп алабыз” деп эсептеп калат.

Бирок бийлик өкүлдөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Сулайман Иманбаев шайлоого карата даярдыктар мыйзам чегинде болуп, анча-мынча тартип бузуулар шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албасын билдирди.

- Эми бардык жактан баары жакшы болуп атат деп айтууга кыйын, бирок аракеттер жасалып атат. Эми кээ бир кемчилик жалпы шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт деп ойлойм.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев 1995, 2000-жылдагы Парламенттик жана Президенттик шайлоодон кийин да анча-мынча кемчиликтер кеткенин, бирок ал шайлоого анчалык таасир этпегенин ырастаган болчу. Ошол эле учурда эл аралык айрым уюмдар шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG