Жекшемби күнү Израиль Газадагы чабуулун күчөтүп, абадан сокку ура баштады. Жөөт аскерлеринин ырастоосунда, соккудан Хамастын лидерлеринин бири жана уюмдун дагы 4 активисти мерт кетти.
Израильдин куралдуу күчтөрү 2002-жылдын жазында Иордан дарыясынын Батыш жээгине кирип келгенден берки эң ири жана кандуу кармаштын натыйжасында түндүк Газадагы үч ири борбор обочодо калды.
Washington Post гезити палестиналык расмий адамдар менен укук коргоо уюмдарына шилтеме жасап дүйшөмбүдө жазгандай, жөөт танкалары Жабалия качкындар лагериндеги бала бакчаны, бир нече турак- жай менен ишкананы жер менен жексен кылып салышты.
Израильдин бул жолку жортуулу бейшембиде Газа менен чектеш Сдеротто израильдик эки бала палестиналыктардын ракета соккусунан көз жумгандан кийин башталган. Израильдин кабинет башчысы Ариэль Шарон аскерлердин операциясы согушкерлер ракета атууларын токтотмоюнча улана берет деп эскертти.
Аналитиктердин баамында, Шарон бул жерде саясий упай топтоону да көздөп жатат. Премьердин Газа тилкесинен чегинүү планы ички оппоненттеринин, өзгөчө оңчулдардын катуу сынына кабылып келатат. Алардын айтымында, бул кадам “Израильди кетүүгө аргасыз кылды” деп көргөзүүнү эңсеген согушкерлердин кол салууларын ого бетер күчөтөт.
Израиль армиясынын жогорку жетекчилеринин бири Моше Яалу жекшембиде кабарчыларга билдиргендей:
- Oперацияга тик учмалар да тартылып жатат. Биздин маалыматка ылайык, 60ка жакын террорчуну тындым кылдык.
Хамастын лидери Исмаил Хание болсо :
- Маселе биздин элде эмес. Маселе каршылык көрсөтүүдө же анын ыкмаларында да эмес. Окупация аяктап, агрессия токтосо, ушундай рейддерге чекит коюлса палестин калкы жана фракциялар элдин коопсуздугуна, таламына, эркиндигине жана стабилдүүлүгүнө эмнелер төп келээрин жакшылап таразалап-баалайт.
Ал эми топтун басма сөз өкүлү Мушир Масри жекшембиде өткөн демонстрацияда ракета чабуулдары Израиль Газадан кетмейинче улана берет деп билдирди.
БУУнун баш катчысы Коффи Аннан Тель-Авивке кайрылып, рейдди токтотууга үндөдү.
Араб лигасынын төрагасы Амр Муса жекшембиде араб лидерлери менен чукул жыйын өткөрүп, буларды билдирди:
- Бул маселени БУУнун Башкы ассамблеясында жана Коопсуздук кеңешинде козгоо максатында Нью-Йорктогу араб мамлекеттеринин өкүлдөрүнө кайрылууну чечтик.