Самарра шаары башкалаа Багдаддан 100 чакырымча түндүк –батышта жайгашкан. Сунниттердин Үч бурчтугу делген аймакка кирет.
Америкалык жана ирактык аскерий өкүлдөр Самарраны согушкерлерден кайтарып алуу боюнча үч күнкү уруштарды, келерки жылдын январына белгиленген шайлоо алдында ири шаарларда козголоңчуларды басуу багытындагы алгачкы ийгиликтүү кадам катары мүнөздөштү. Маселен Ирактын утурумдук ички иштер министри Фалах ал-Накибдин айтымында, Самаррада эң мыкты операциялардын бири өткөрүлдү:
- Биз Самарранын калкын шаарды июль айынын башынан бери көзөмөлдөп жаткан кылмышкерлерден кутулганы менен куттуктайбыз.
Самаррада америкалык жана ирактык 5000дей жоокер тартылган операция улантылууда. Учактар өткөн түнү да абадан шектүү буталарга сокку урду. АКШнын аскерий өкүлдөрүнүн ырастоосунда, уруштардын эң коркунучтуулары артта калды, бул жерде125 козголоңчу жок кылынып, 80ден ашууну туткундалган.
Бирок, жергиликтүү тургундар Самарраны кайтарып алуу боюнча уруштар карапайым калк арасында көп жоготууларды алып келгенине нааразылык билдирип жатат. Самарранын жашоочусу, энесинен жана карындашынан айрылган Матра Шакер мындай дейт:
- Мен Кудай АКШ президенти Буштун үйүн да талкалайт деп ишенем. Бул трагедия. Биздин үйдөн эки адам өлдү.
"Ассошейтед пресс" агенттиги шаардык оорукананын дарыгери Абдул Нассер Хамед Яссинге шилтеме берип кабарлаганына караганда, ооруканга уруш башталгандан бери 70 адамдын сөөгү түшкөн. Алардын 23 жаш балдар, 18си аялдар.
АКШ армиясынын ырастоосунда болсо аба соккусу буталарга так урулуп, карапайым калк арасындагы жоготууларды минималдаштыруу үчүн колдон келгендин баары жасалды.
Ал эми гуманитардык уюмдар шаарда суунун, электр жарыгынын жоктугуна, үй – жайынан безүүгө мажбур болгон жүздөгөн адамдардын тагдырына тынчыздануу билдирип жатышат. Самарранын Халил Самарай аттуу тургунунун айтымында, ага аман калуу үчүн Тигр дарыясынан өтүүгө туура келет:
- Жолдордун баары жабык. Биз дарыяны кесип өттүк, алар бизди үч ирээт атышты. Мен алар так бизди бутага алган - албаганын билбейм. Эгер жолдор ачылса, шаардын жарымы кетет.
Мунун аралыгында, америкалык аскерий учактар Ирактын согушкерлердин колунда турган дагы бир шаары - Фаллужага бүгүн да сокку урду.
Багдаддагы америкалык командачылыктын айтымында, бутага теги иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал –Заркаунин адамдарынын турумдары алынган.
Багдаддын өзүндө болсо бүгүн эртең менен эки жарылуу орун алды. Бомбаланган автоунаалардын бири Ирак өкмөтү менен АКШ элчилигинин кеңселери жайгашкан, Багдаддын Жашыл Зона деп аталган аймагына кирүүчү дарбазанын жанында жарылып, андан кеминде 8 адам каза тапты, бир нече киши жаракат алды.
Экинчи автоунаа Багдаддын кан жолдорунун биринде, чет өлкөлүк кызматчылар туруучу мейманкалардын жанында жарылган. Андан кеминде эки адам мерт болду.