Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Дүйнөдөгү алгачкы жеке менчик космос кемеси дагы учурулат


SpaceShipOne деп аталган кеме мындан беш күн мурда космосто болуп келген эле. Ал эки сааттан кийин учурулуп, эгер аман кайтып келсе, аны каржылагандар 10 миллион доллар сыйлык жеңип алат.

Жеке булактардан чогултулган Ансари Икс сыйлыгы коммерциялык космос учууларынын жаңы дооруна жол салуу максаты менен жарыяланган. 10 миллион доллар ичинде киши отурган, кайра пайдаланууга боло турган, космоско эки кишинин салмагынчалык жүк менен учуп, эки жуманын аралыгында эки ирет кырсыгы жок кайтып келген кемеге ыйгарылат.

Ансари Икс үчүн 26 унаа ат салышып жатат, бирок алардын ичинен SpaceShipOneга арыкчылык беришүүдө. Өткөн шаршембиде учкуч Майкл Мелвил ушул кеме менен 103 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, бир жарым саат учкандан кийин аман-эсен Жерге кайтып келген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG