Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Медицина боюнча Нобел сыйлыгы эки америкалык окумуштууга ыйгарылды


Ричард Аксел жана Линда Бак үстүбүздөгү жылдын сыйлыгына адам баласынын жыт алышын изилдеген эмгеги үчүн ээ бошуту. Алардын ысымдары бүгүн Норвегиянын баш калаасы Стокгольмдо жарыяланды.

Жарыянын алдында Линда Бак мындай деген эле:

- Бизди сүт эмүүчүлөрдүн жыт сезүүсүнүн механизми кызыктырат. Жыт жана даам алуусу менен адамдар жана башка сүт эмүүчүлөр айлана-чөйрөдөгү ар кылдуу химиялык заттарды сезе алышат. Адам баласы мисалы 10 миңден ашык ар кыл жыттуу молекуларды жана бөлчөктөрдү сезе алат.

Бак Вашингтон штатындагы ракты изилдөө борборунда, ал эми Аксел Нью-Йорктогу Колумбия университетиндеги медицияна институтунда эмгектенет.

Сыйлыкка кошумча берилүүчү 1 миллион 300 миң долларды эки окумуштуу өз арасында бөлүп алышат.

XS
SM
MD
LG