Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Польша Ирактан аскерлерин келерки жылдын аягында чыгарып кетет


Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Йержи Шмайжинский билдирди. Учурда Иракта Польшанын 2 жарым миң аскери турат жана Варшаваны Кошмо Штаттары ири коалициялык шеригим деп билет.

Шмайжинскийдин айтымында, аскер чыгаруу Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин Иракта жаңы өкмөт түзүүнү караган 1546-резолюциясынын мөөнөтү бүткөн мезгилге туура келет. Соңку сурамжылоого караганда, поляктардын көпчүлүгү Иракта Польша аскерлеринин кала беришин каалабайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG