Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

НЕГИЗГИ МАКСАТ - КАРЫЗДАРДАН КУТУЛУУ. БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ ЖОГОЛУП КЕТКЕН АДАМДАРДЫН САНЫ КӨБӨДҮ


Вечерний Бишкек басылмасында «Негизги максат - карыздардан кутулуу » деген макалада Кырыгзстандын тышкы карызын реструктуризациялоо тууралуу макала орун алды. Ал эми бүгүн чыккан «Аалам» гезитинде «Кереге кеңеш жаштар арасында» деген чоң макала орун алды.

Дүйшөмбү 4 октябр күнү жарыка чыккан “Вечерний Бишкек” гезитинде Бишкекте Кыргызстан менен АКШнын аскер кызматкерлери ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн өткөнү туурасында жазылды. Макалада министрдин орунбасары Замир Сүйөркулов жакынкы жылдарга негизги приоритеттер - бул биргелешкен контртеррористтик операцияларды камсыздоо боюнча маалымат технологиялары борборун түзүүі, аскерлердин Түштүк тобунун бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн, Бишкек жогорку аскер училищесинин материалдык базасын жаңыртуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү деп белгиледи.

Кыргызстан менен аскер кызматташтыгынын негизги багыттары тууралуу айтып жатып америкалык делегациянын башчысы терроризм менен биргелешип күрөшүүнү, баңгизаттардын жана куралдын таралышынын алдын алууну атады.

Ал эми «Негизги максат - карыздардан кутулуу» деген макалада Кыргызстандын делегациясы Вашингтондо өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондусунун башкаруучуларынын жыл сайын өтүүчү жолугушуусуна катышат деп маалымдалды. Ушул эле макалада, эл аралык деңгээлде Кредиторлордун Париж клубунун боло турган жыйынында биздин өлкөнүн тышкы карызын реструктуризациялоо келечектери алдын ала талкууланмакчы деп кабарлайт басылма.

Чет элдик эксперттер Париж клубунун жыйынынын алдында Кыргызстандагы макроэкономикалык жагдайга, анын перспективаларына оң баа берилгени туурасында да маалымдады.

Ал эми бүгүн жарыкка чыккан “Аалам” гезитинин кыскача мазмуну гезиттин жооптуу катчысы Нарынкүл Назаралиева тааныштырат:

- Шейшемби күнү чыккан гезитибиздин жаңы санында, Кереге кеңеш жаштар арасында деген чоң макала орун алды. Анда азыр Кыргызстандын ахыбалы туурасында жогорку окуу жайлардын студенттери өз пикирлерин билдирди. Андан тышкары мамлекеттик тил жумалыгы, «ырдайлы кыргыз ырларын» деген фестивал тууралуу материал чыкты. Мындан тышкары парламенттен Кенжебек Арыкбаевдин «чечсин, чечип беришсин» деген макаласы кетти. Анда Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын эл кыдырып келгенден кийинки ар кайсы жерлердеги өз шайлоочулардын көйгөйлөрү айтылган. Ошондой эле «жоголду десе жонун кашып койгон кыргыз качан ойгонот» деген макала жарыкка чыкты. Макалада былтыркы жыл менен салыштырмалуу быйылкы жылы жоголуп кеткен адамдардын саны көбөйгөнү туурасында кабарчыбыз Аида Надырбекова жазды.

“Агым” басылмасында кандай макалалар орун алды, бул тууралуу басылманын жоопту катчысы Гүлясина Каленова мындай деди:

- Агымдын бүгүнкү санында ак үй айдыгында саясат аналитикасы, сессия сүртүмдөрү, дүйнө күн жаңылыктары, жергидиктүү жаңылыктар, мамлекеттик фондусунун төрагасы Равшан Жээнбеков менен түз байланыш, жетимиш жашка чыккан, белгилүү артист Сатыбалды Далбаевдин маеги, ЮНИС курулуш фирмасынын президенти Рахат Ирсалиев менен маек орун алды.
XS
SM
MD
LG