Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

Коммерциялык космос кемеси үчүн 10 млн. доллар сыйлык берилди


Коммерциялык максатта космоско учурулган америкалык кеме экинчи жолу АКШнын Калифорния штатындагы чөлгө ийгиликтүү конду. Ал ийлигик үчүн кемени учургандар 10 млн. доллардык байге алышты. Конкурстун шартына ылайык ал эки жолу абага көтөрүлүп, экөөсүндө тең ийгиликтүү жерге коно алды.

Космос кемеси кечээ жерден 114 чакырым асманга көтөрүлүп, кайра түшкөн. Аны башкарган учкуч Брайен Бинни аны “жашоосундагы эң күчтүү сезим” деп сүрөттөдү:

- Мен буга чейин мындай ажайып кооздукту көрө элек болчумун, өзүмдү кең ааламдын бир бөлүгү катары сезе алдым. Андыктан муну жашоомдун эң күчтүү сезимдери деп атасам болот. Бул ишти турмушка ашыруу 2-3 жылдык оор жумуш менен коштолду жана бүгүн анын түшүмүн жыйнаганга да убакыт жетти көрүнөт, - деди учкуч Брайен Бинни.

Ошентип, космоско учурулган кеме коммерциялык космос саякатын өнүктүрүү үстүндө иштеген менчик уюм тарабынан жарыяланган конкурстун байгесин алды.

Эларалык таңкы кабарларды Төрөкул Дооров даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG