Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Иран президенти Суданга келди


Кечээ кечинде Ирандын президенти Мохаммед Хамати Суданга келди. Ал Судандын мамлекет башчысы Омар ал-Бешир менен эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгына тиешелүү суроолорду талкууламакчы.

Хатами Суданга Алжирден барды. Иран президенти Алжир парламентинде сүйлөгөн сөзүндө “Батыш жана мусулман дүйнөлөрү бири-бирин айыптоону токтотушу зарыл” экендигин, эми мындан ары “жалпы жыргалдуу келечек” үчүн биргелешип сүйлөшүү зарылдыгын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG