Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

АКШ Израиль менен Палестина жетекчиликтерин сабырдуулукка чакырды


АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрели Израилге Палестин калкы арасында жоготууларды “мүмкүн болушунча кыскартуу” керектигин белгиледи.

Газа тилкесинде бир канча күндөрдөн бери израилдик аскерлер тарабынан улантылып жаткан операция учурунда 60ка жакын палестиналык өлтүрүлгөн. Ал эми израилдик аскерлер арасында бешөөсү окко учуп өлдү.

Израилден сокку урууну токтотууга, ал эми палестин жетекчилигин Израилге каршы чабуулду тыйууга карата чакырыктар улам көп айтылып жатат. Бирок Израилдин премьер-министри Ариель Шарон Палестина Израилге каршы ракетадан чабуулдарын токтотпосо, Палестин элине каршы сокку да улантыла берээрин айткан.

XS
SM
MD
LG