Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Ирактын эки шаарындагы жардыруулардан кеминде 26 адам өлдү


Ирактын Самарра шаарында америкалык аскерлердин чабуулунан 100дөн ашуун козголоңчулар өлдү. Самаррадагы чабуулду АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелд жогору баалай тургандыгын айтты. Маалымат агенттиктери кабарлашынча, америкалык күчтөр жергиликтүү полициянын жана бийликтердин имараттарын кайра өз көзөмөлүнө алышты.

Ал эми Багдатта жана Мосулда болгон жардыруулардан кеминде 26 адам мерт кетти, дагы 100дөй киши жарадар болду. Баш калаадагы мейманканалардын жанындагы жардыруулар 21 адамдын жанын алса, Мосулдагы мектепке жакын жердеги жардыруу 5 адамды, алардын ичинде 2 жаш баланы өлтүрдү.

Ал эми америкалык аскерлер Эл-Фалужжага да абадан сокку уруп, бир нече көтөрүлүшчү өлтүрүлгөнүн кабарлашууда.

Дагы бир маалыматтарга ылайык Иракта үч күн мурда барымтага алынган индонезиялык эки аял барымтадан бошоп чыгышты. Алар азырынча Арап Эмираттарынын Багдаттагы элчилигинде турушат деген кабар айтылууда.

XS
SM
MD
LG