Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

ОРУСИЯДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ҮЧҮН ТАРТИП КАТУУЛАДЫ


Муса Мураталиев, Москва Өткөн аптанын бейшембисинде Мамлекеттик дума өлкөнүн миграция боюнча мыйзамына өзгөртүү киргизди. Мыйзам экинчи жана үчүнчү окулушу бир күндө бүттү делди. Минтип шашылыш кабыл алынган ал мыйзамдын негизинде мындан ары Орусияга чакыруу кагазы жок келген чет өлкөлүктөргө катуу айып салынат. Эгерде алар чакыруу кагазы жок келсе же чакыруу кагазы болуп туруп милицияга барып каттоодон өтпөсө, болбосо документин жоготуп ийсе же кетээр мөөнөтүн өткөрүп ийсе - андай чет өлкөлүктөргө бир миңден эки миңге чейин рубль штраф салынат. Андан кийинки мыйзам бузуулардан кийин өлкөдөн чыгарылат.

Жаңы кабыл алынган бул мыйзамга ылайык 2005-жылдын 1-январынан тартып Орусияга келчү чет элдиктердин миграциялык картасы болууга тийиш. Ошентип, чет элдиктер келишин Орусиянын төмөнкү палатасы мыйзам аркылуу тартипке салды.

Жаңы киргизилип жаткан бул эреже эми укук коргоо органдарынын кызматкерлерине иш издеп четтен келгендерден жаап-жашырып акчаны көп алышына жол ачат деген пикир бар. Аларды мамлекет чегинен ары чыгарып таштоодо керек болчу сот чечими саналуу саат ичинде чыгарылмакчы. Каттоого алуу кагазы үчүн төлөнүүчү акы мурда жүз рублдей болсо, эми ал бир жарым миң рублдей, ал эми иштегени келген киши болсо эки жарым миң рублдей төлөмөкчү.

Миграциялык мындай катуу тартип – Беслан трагедиясынан кийин Владимир Путин көтөргөн террорго каршы көрүлүүчү чаралардын бири болуп саналат. Мамдуманын төрагасы Борис Грызловдун айтымында, аз акы төлөп пайданы көп таап аткандарга бул дабаа болор мыйзам:

- Жазалоонун акчалай өлчөмү ондогон эсеге өсөт. Бул турмушта чыныгы болуп аткан көрүнүшкө дал келет. Эми бул жазалоо иш берүүчүлөр үчүн жок дегенде алар жалдап алган кишилердин күчү менен таап аткан кирешесине дал келет.

Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, 2003-жылдын этегинде Орусияда мыйзамсыз 5 миллиондон ашык чет өлкөлүктөр жана эч кандай атуулдугу жок кишилер ички иштер министрлиги тарабынан каттоого алынган. Ал эми жашырынып жашап аткандар канча экенин эсепке алуу мүмкүн эмес деп айтышууда.

Ырасмий булактар билдиргенге караганда, быйыл чет элден келгендердин саны 26,5 пайызга же 21 миң кишиге азайган. Бирок иш издеп келгендердин деле жашоо шарты оңолуп кеткен жок. Молдовадан келип Маскөөдө жалданып иштеп, алакан акысын өндүрө албай жүргөн Яна Буряк мындай дейт:

- Кайда барба акча керек. Акча табыш үчүн иштеш керек. Жакшы жумушка орношуш үчүн кагаз керек. Андай кагаз алыш үчүн кайра акча керек.

Орусияга иш издеп келгендердин басымдуу көпчүлүгү КМШ өлкөлөрүнүн атуулдары. Алар айрыкча Украина, Молдова, Азербайжан, Тажикстан жана Кыргызстандан келгендер. Ички иштер министрлиги таркаткан маалыматка караганда, 2003-жылы 1 миллиондон ашуун чет элдиктерге жана орусиялык 107 миң атуулга миграциялык эрежелерди бузгандыгы үчүн ар кыл айыптар салынган.

ЛДПР партиясынын лидерлеринин бири Алексей Митрофановдун айтканына караганда Орусияда мигранттар менен иштөө Америкадагыдай тартипке салынууга тийиш:

- Биз да Америкадагыдай ар кыл түрдөгү виза бергенге өтүшүбүз керек. Анын жардамы менен визага карап туруп чет элдиктин эмне максат менен жүргөнүн билип алууга болот. А бизде - ал адамга иштегенге уруксат берилгенби же окуганга уруксат берилгенби – билиш мүмкүн эмес.

Орусияга мыйзамсыз келгендерди өлкөдөн чыгарып жиберүү кыйладан бери учурап келатат. Маселен, ырасмий булактан алынган маалымат боюнча 2002-жылы 22 миң четэлдик чегарадан чыгарылган. 2003-жылы болсо алардын эсеби 45 миңге жеткен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Орусиядан тышка чыгарылып ташталгандардын саны 24 миңге чамалаган.
XS
SM
MD
LG