Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Ошто «Жаштар жана шайлоо» аттуу маалымат акциясы өттү


ОШ. Облус борборундагы кыргыз драма театрында уюштурулган бул иш чарага шаардагы окуу жайлардын көпчүлүк студенттери катышты. Акциянын алкагында “Шайырлар жана тапкычтар” конкурсу уюштурулуп, анда Ош технологиялык жана Ош кыргыз-өзбек университеттеринин командалары саясий тамашалар камтылган такмазаларды тартуулашты. “Шайлоолор жаштардын көзү менен” деген үй тапшырмасында конкурс катышуучулары шайлоо системасында калыптанып калган жат көрүнүштөрдү, мыйзамга каршы келген үгүт иштеринин жүргүзүлүшүн жана шайлоочулардын укуктарынын одоно бузулган учурларын юмордун тили менен беришти.

Мындан сырткары студенттер канткенде адилет шайлоо өткөрүлөт, шайлоочулардын укуктарын бузбоо үчүн кандай шарттар болуш керек деген суроолордун тегерегинде суроо-жоопторду уюштурушту. Жаш шайлоочулар борбордук долбоорунун жетекчиси Акбар Исманжанов алдыда келе жаткан шайлоодо жаштардын саясий активдүүлүгүн көтөрүү максатында мындай иш чаралар ай сайын өткөрүлүп турарын билдирди.

XS
SM
MD
LG