Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

Кыргыз-казак чегарасында жаңы көзөмөл-күзөт пункту ачылат


БИШКЕК. Чүйдүн чыгыш аймагындагы кыргыз-казак чегарасына жүктөрдү текшерип өткөрүүчү "Карасуу" аттуу көзөмөл пункт ачылат. Мындай маалыматты бүгүн каржы министрлигинин кирешелер комитетинин алдындагы бажы департаментинин башчысы Айдарбек Дүйшалиев «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Мындай кошумча пункттун ачылышына «Акжол» бажы постунда кезек күткөн жүктүн көбөйүп кетиши негиз берди.

Дүйшалиевдин айтымында, Казакстан өкмөтүнүн 2001-жылдагы токтому боюнча үчүнчү өлкөдөн бул мамлекет аркылуу ташылган 50 килограмм жүк акысыз, 200 килограммга чейинки жүк жеңилдетилген акы менен, ал эми андан ашкандар толук акы төлөп өткөрүлөт. Бул токтомдун негизинде күчөтүлгөн тартип учурда чегарада жүктүн узакка кезек күтүшүн шарттаган себептердин бири болууда.

Белгилеп койчу жагы - бажы биримдигине мүчө Беларус, Армения, Орусия, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринде өндүрүлгөн товарларды ич ара ташууда акы алынбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG